www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМдин 1-орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун парламенттик шайлоого аттанары Ала-Тоого желдей тарап, көпчүлүк колдоочулары бир копшолуп алышты. Саясатты туура аңдаган калың катмар коммерсанттардан, коррупционер чиновниктерден тажап калганы белгилүү.
Жогорку Кеңештин негизги өзөгүн ушулар түзөт эмеспи. Ал эми генерал Сүйүн Өмүрзаков талапкерлигин алып чыкса, татыктуу мамлекеттик ишмер, профессионал, сабаттуу сакчы катары колдоого алынары божомолдонууда.
Азырынча партияданбы, же бир мандаттуу округдан аламанга аттанарын чечип атса керек. Элүүнүн кырындагы каарманыбыздын баскан жолу жипке тизген шурудай ырааттуу, катардагы милиция кызматкеринен ИИМдин 1-орун басарлыгына чейин көтөрүлүп, бышып-жетилип турган чагы.
Образдуу айтканда, түшүм берүүчү куракта экен. Мындай шартта Сүйүн Өмүрзаковго саясый күчтөр да кызыгышып, кайсы багыттан аттанарын, кандай кадам саларын ынтызарлана күтүп атышкандай.
Булак: Азия News гезити