www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Таалатбек Масадыков «Талибан» кыймылынын өкмөтүндө тышкы иштер министри кызматын ээлеген Амир Хан Муттаки менен жолугушту. Бул эл арасында түрдүү жоромолдорду жаратты. Сиздин пикириңиз да кызык болуп турат?

Биринчиден, алар Кыргызстандын гуманитардык жардамын Ооганстанга жеткиришти. Ооганстанга Т. Масадыков коопсуздук кеңешинин орун басары катары барды. Талиблерге ушундай жогорку даражадагы башка чет өлкөлөрдүн кызматчысы биринчи жолу барды.

Албетте, мурда Өзбекстан тараптан жардамдар берилген, бирок алардыкы ашып кетсе министрдин орун басары болгон. Ал эми мындай жогорку даражадагы кызматчы биринчи жолу барып жатканда талибдер деле пайдаланып, чакыруу жолдошкон.

Биздин гуманитардык жардам Кабулга жеткизилди. Бул түштүк Ооганстан. Мисалы, Өзбекстандан жардамдар темир жол менен жеткирилген. Темир жол түндүк Ооганстанда, Ооганстан дагы Кыргызстандай тоолор менен эки тарапка бөлүнүп калган, түндүк, түштүк Ооганстан болуп Түштүк Ооганстанга биринчи ирет жардам Кыргызстандан барды.

Албетте, ушул сыяктуу маанилер көп. Талибдер да бул маалыматты туура колдонот. Ал «Талибан» кыймылынын өкмөтүндө тышкы иштер министри жалгыз эле эмес, заманбап Ооганстандын саясый жетекчиси менен да жолугушуу учуру болгон.

Бул тышкы иштер министри андан кызматы жогорураак. Таалатбек Масадыков мурда БУУнун генералдык катчысынын атайын өкүлү болуп иштегендиктен, алардын баарын тааныйт. Тилди билет. Ал сапардын эң башкы максаты-биринчиден, Ооганстан тарап менен Кыргыз Республикасынын коопсуздугу.

Өлкө ушундай абалда турганда Кыргызстандын коопсуздугу өз колубузда. Бизге эч ким жардам бербейт. Мисалы, тажиктердин башчысы талибдерге каршы чыгып, өз алдынча жүрөт. Өзбектер тескерисинче, талибдер менен иштешебиз деп алар менен мамиле түзүшүүдө. Ар бир өлкө өз кызыкчылыгын, мүмкүнчүлүктөрүн карап, өз өлкөлөрүнүн коопсуздугуна кам көрүп жатканда бизда ойлонолу.

Биз талибдер менен расмий түрдө мамиле түзгөнүбүз жок. Бирок алар Ооганстанды башкарууда. Кыргыздар аны билет. 2010-жылы бизде да дал ушундай абал түзүлүп, Бакиевдер качып кеткенде бийлик юридикалык жактан аларда болуп жаткан. Чын-чынына келгенде бийлик Убактылуу өкмөткө өткөн. Ошондуктан коопсуздук биринчи орунда болуш керек.

Ал жакта да биздин жарандарыбыз бар. Баткен окуялары, тактары өчө элек. Алар Тажикстан аркылуу Баткен аймагына кирип келишкен. Бул күндөрдү эске алып, коопсузулукту сактап, талибдер менен иштеш керек. Коопсуздук шарттарын түзүү зарыл.

Булак: Азия News гезити

Последние новости