www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Президентибиз өз үйүн мамлекеттик ишканага өткөрүп бергени үлгү болоорлук иш болду», - деди бүгүн, 2-октябрда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Эсенгул Исаков.

- Эсенгул агай, Садыр Жапаровдун үй-бүлөсү үйүн «МИК» ААКсына өткөрүп берди. Эми бул саамалыкты улантышабы?

- Мамлекеттик идеология боюнча программабыз жок деп айтып келебиз, ошол эле мезгилде кыргыз элинин байыркы улут болушу, мамлекеттүүлүгүнүн сакталышы ата-бабаларыбыздан мурастап өтүп келаткан жазылбаган мыйзамдарыбызга бул каада салтыбызга, адеп ахлагыбызга ыраазы болуп сыймыктанышыбыз керек.

Аны көздүн карегиндей сактап бурмалантпай урпактарыбыздын аң сезимине сиңдиришибиз керек.

Мына ушул жазылбаган мыйзамыбызга биринчи улуулар жаштарга өздөрүнүн жүрүм туруму, элине кылган ак кызматы жана керек убакта баатырлыгы менен көрүнүп үлгү болуп келген.

Ошонун негизинде кыргызымдын чыгаан уул кыздары, баатырлары жаралган. Мына идеологиянын башаты ушунда эмеспи.

Демек, мамлекет башчы ким болбосун ал элине анын ичинде жаштарыбызга бардык иш аракети, жүрүм туруму менен үлгү болуусу керек.

Ошондуктан, Президентибиз С.Н. Жапаровдун өз үйүн мамлекеттик ишканага өткөрүп бергени чоң үлгү деп айталам. Мисалы, канча деген уурдалган акчалар акыркы 10-15 жылдарда курулуш жааты аркалуу «жуулуп» кетип жатат, бирок бири дагы мамлекетке жардам берейин деген ою жок.

Ошол эле мезгилде бала-бакчалар, ооруканалар жетишсиз, канча деген мамлекеттик органдар имараттарга аренда төлөп бюджетке зыян келтирүүдө.

Президенттин үлгүсү аларга мамлекетке көмөк көрсөтүү чакырыгы болушу керек. «Эстүү бала өзү билет» деген элдик сөз бар эмеспи. Эми адамдык касиетин жоготушпаса, өздөрү ой жүгүртүшөөр деген ой бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости