www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкадан министр Руслан Казакбаев канжыгалуу кайтты

Азыркы тынчы жок дүрбөлөң заманда дүйнө элинин башына түшкөн мүшкүлдөрдү талкуулаган БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 76-сессиясы көптөгөн саясый билдирүүлөрдүн аянтчасына айланды. Түркиянын президенти Р. Эрдогандын Крым боюнча жасаган билдирүүсү бир топ сенсация жаратты.

Бүткүл дүйнөнүн "мен" деген саясый лидерлеринин башы кошулган бул аралык иш-чарага президент Садыр Жапаров онлайн форматында мазмундуу сөз сүйлөп, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев катышып БУУнун башкатчысы Антониу Гутерриш менен жолугуп, Кыpгызстандын өлкө башчысынын аманатын айтып, башкатчы болсо президент Садыр Жапаровдун "БУУ - Борбор Азия саммитин өткөрүү демилгесин, тоолуу аймактардын өнүгүүсүнүн беш жылдык программасын бекитүүнү колдоп берген.

Кыргызстан үчүн океандын ары жагында өткөн бул эл аралык иш-чара олжолуу болду. Министр Руслан Казакбаев АКШ катчысынын жардамчысы Донольд Ду, эл аралык коопсуздук боюнча АКШнын президентинин улук жардамчысы Эрик Грин, Монголиянын президенти, Түркия, Иран, Италия, Катар жана башка ондогон өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен жолугушуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кол коюлган келишимдерди жүзөгө ашыруу, соода-экономикалык, маданий, гyманитардык байланыштарды бекемдөө маселелерин талкуулап ал эми Сингапурдун тышкы иштер министри Вивиан Балакришнан менен санариптик технологиялар, мамлекеттик башкаруу жана укук коргоо системалары боюнча алардын тажрыйбаларына таянып, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жагдайында иштиктүү келишимдер тууралуу сөз болгон.

Булак: Азия News гезити

Последние новости