www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Асыла Талипова өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелүүдө, ал жерде келтирилген зыяндын жалпы суммасы 904 750 долларды түзгөн, деп билдирди бүгүн, 2-октябрда Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы.

Кечээ, 1-октябрда А. Талипованын адвокаты Канат Хасанов каршылык акциясына чыккан. Жактоочу аял 6 баласы бар жалгыз бой эне экенин айтып, милицияны мыйзамсыз аракеттерге айыптады.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 1981-жылы туулган Ысык-Көл облусунун тургуну өзүн курулуш компаниянын өкүлү катары тааныштырып, жарандардан акча алган. Учурда 18 жабырлануучу аялдын үстүнөн арыз жазышкан. Анкени келтирилген зыяндын орду толтурулган эмес. Мындан сырткары, жабырлануучулар Талипованын мыйзамсыз аракеттери боюнча бир нече жолу бир канча инстанцияга кайрылышкан.

Ошондой эле, милиция эмне үчүн аял камакка алынганын айтты. 28-сентябрда Талипованын катышуусу менен тергөө иштери болгон. Анда А.Т. камакка алынбагандыктан тергөөчүдөн суранып кетип калган.

Жыйынтыгында милиция шектүүнүн кайда экенин аныктоого аргасыз болгон. Андан кийин шектүү тергөөчүгө жеткирилип, кармалып, Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү («Ири өлчөмдөгү алдамчылык») боюнча шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

«30-сентябрда Октябрь райондук соту кармоону мыйзамдуу деп таап, А.Талипованы эки айга СИЗО-1ге камакка алды», - деп кошумчалашты милициядан.

Милициядан белдиришкендей, Талипова буга чейин алдамчылык боюнча соттолгон. Ошондой эле, ага ушуга окшош кылмыштар боюнча кылмыш иши козголуп, соттун кароосунда турат.

«Тергөө учурунда жаран А.Талиповага Жазык-процесстик кодексинин талаптарына ылайык адвокат берилген жана коргоочу тарабынан мыйзам бузуу боюнча арыздар болгон эмес», - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости