www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Алмамбет Шыкмаматов менен Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов «Ынтымак» партиясы менен шайлоого барары айтылып жатат, муну бийликтин партиясы деп атоого болобу?

- Негизи ошондой айтылып келет. Эгер ал бийликтин партиясы болсо, Жогорку Кеңеште отургандардын басымдуусу кайсы бир партияга чогулса, ошону «бийликке ыктаган» дейбиз. Конституция өзгөргөнгө чейин Ак үйдү парламенттеги саясый фракциялар тейлечү. Президент болсо кайсы бир топко көңүл буруп, тактап айтканда, өзүнө кызмат кылган саясатчылар түзгөн партияларга эч ким тийишчү эмес.

Ал эми башка оппозициячылдарга бут тосуулар болуп келген. Ошол эле мурдагы президент Жээнбековдун учурунда «Мекенчилдерге» бут тосууларды жасаган. Реформа өткөндөн кийин бийликтин архитектурасы бузулуп калды. Мурдагыдай кайсы бир саясый топту «бийликтин» же «Садыр Жапаровдун партиясы» дегенден алыспыз.

Себеби алар чөйрөнү өзгөртүп жиберишип, азыр ар ким менен ар кайсы биригүүлөр менен шайлоого камданышууда. Анан Шыкмаматов бир партияга кирип калса эле аны «бийликке жакын» деп айтуу туура эмес да.

Дагы бир маселе, Садыр Жапаровго жакын адамдар бир мандаттуу округдан дагы ат салышышы ыктымал. Ошентсе дагы президенттик шайлоодо эл өзү тандайт, бузууларга жол бербейбиз деген соту бар.

Биз буга ишенебиз. Жарандар саясый элитаны ээрчип кетпей, президенттин ушул убадасынын аткарылышын талап кылышыбыз керек. Азырынча БШКга толук талапкерлердин тизмеси бериле элек болгондуктан, биздеги абал кандай болорун айтуу кыйын. Мындайча айтканда, бийликте отургандар, Садыр Жапаровдун командасы кайсы партияда көп болсо, ошону «бийликчил» деп атасак болот:

- Бул саам шайлоо кандай сценарий менен өтөт?

- Азыр саясатчылар активдүү сүйлөөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Өлкө үчүн ушудай экономикалык оор учурга карабай Жогорку Кеңештеги кээ бир комитеттер экономикалык маселелерди кароодо кворум жок, отурумдар өтпөй калууда. Эмитен эле ар кайсы жакка тарап кетишти. Шайлоого даярданышып, парламентке жумушка да келбей калышты. «Ооруп калдык, жолугушуу....» деген шылтоолорду айтышат. Чынында шайлоого даярданып эле жүрүшөт. Мурдагы сценарий уланып, Атамбаев Жээнбековго иштеп берип, кийин кайра саткан депутаттар учурдагы бийликке жагынуу аракетинде. Алардын биринчи максаты - бийликте калуу. Политология боюнча саясый элитанын табияты ушундай. Алар сөзсүз Ак үйдүн төбөсүндө болбосо дагы, аралашып жүрүш керек. Ошондуктан Жапаров «жок» деген күндө деле жалынып-жалбырып, өздөрү аны колдоо ишаратын көрсөтө беришет.

- Азыркы парламентте отургандардын канча пайызы кайра келиши мүмкүн?

- «Жаңы парламентке мурдагы 5-6 чакырылыштагылардын көбү келет» деп ойлойм. Акчасы жоктор эле катышпай калышы ыктымал. Мисалы, КСДПдагы Атамбаев менен келгендердин көпчүлүгүнүн чөнтөгү жука, алардын каражатын байлардын эсебинен партия тейлеп берген болчу. Бу саам Жанар Акаев, Дастан Бекешов, Аида Касымалиевага окшогондорго кыйын болуп калат. Буларга мурдагы Жогорку Кеңешке «билетти» Атамбаев алып берген да. КСДП менен келгендердин көбүнчөсү колунда акчасы болбосо деле саясатчы болуп калышкан. Ошондуктан кандай айткан күндө деле бул жолку Жогорку Кеңешке чөнтөктүүлөр келет.

Булак: Азия News гезити

Последние новости