www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Эркиндик рыцары" деп аталган сыйлык демократия, эркиндик жана теңдикти өнүктүрүүгө салым кошкон адамдарга 2005-жылдан тартып Польшадагы Казимир Пулавский атындагы фонд тарабынан ыйгарылып келет.

Сыйлык менен Польшанын Лех Валенса, НАТОнун баш катчысы Хавьер Солана, БУУнун адам укуктары боюнча комиссары Мэри Робинсон сыйланган. Навальныйга чейин "Эркиндик рыцарын" орусиялыктардан Михаил Ходорковский алган.

Сыйлык тапшыруу аземи 5-октябрда Варшавада өтөт. Учурда абакта жаткан Алексей Навальныйдын ордуна сыйлыкты анын шакирттери Леонид Волков менен Владимир Милов алары белгилүү болду.

Орусия президенти Владимир Путинди кескин сындап, орус бийлигинин коррупциялык аракеттерин ашкерелеп келген Навальный былтыр август айында ууландырылып, Германияга дарыланган. Быйыл январь айында Орусияга кайтып келгенде камалган жана анын өлкө аймактарындагы шайлоо штабдары, "Коррупцияга каршы күрөшүү фонду" "экстремисттик" топтордун тизмесине киргизилген.

Оппозициячыл саясатчы жети жыл мурдагы “Ив Роше" ишине байланыштуу "шарттуу жазанын эрежелерин бузду" деп айыпталып, дээрлик үч жылга кесилген. Анын тарапташтары Волков менен Жданов Орусиядан чыгып кеткен.

Навальныйдын жактоочулары бул кылмыш иштерин Кремлдин Путинди сындаган оппозиционерден өч алуу аракети катары сыпаттап келет. Бир катар абройлуу эл аралык уюмдар Навальныйды саясий туткун деп тааныган. Amnesty International уюму оппозициячыл саясатчыны абийир туткуну деп мүнөздөгөн.

14-сентябрда Европа парламентиндеги "Европаны жаңылоо" тобу Навальныйды Андрей Сахаров атындагы сыйлыкка көрсөттү. Аталган топтун расмий билдирүүсүндө Алексей Навальный Путинди коркуткан адам деп сыпатталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости