www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Түркияда Жусуп Абдрахмановдун эстелиги ачылды

Анкара шаарынын Этимесгут муниципалитетиндеги Түрк тарых паркында Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин биринчи төрагасы Жусуп Абдрахмановдун эстелигинин ачылыш аземи болуп өттү.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстандын Туркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев жана Этимесгут муниципалитетинин мэри Энвер Демирел эстеликке гүл коюп, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүсүнүн жаркын элесине таазим кылышты.

Түрк тарых паркында түрк тилдүү мамлекеттердин негиздөөчүлөрү — К.Ататүрк, М.Э.Расулзаде, Н.Назарбаев, И.Каримовд, Г.Бердимухамедов жана Р.Денкташтын эстеликтери коюлган.

Түрк тарых паркы 2021-жылдын 29-августунда ачылып, анда турк тилдүү мамлекеттердин негиздөөчүлөрүнүн, ошондой эле түрк дүйнөсүнүн атактуу өкүлдөрү — Ч.Айтматовдун, Махтумкулинин, А. Кунанбаевдин жана түрк кагандарынын эстеликтери тургузулган. Жалпысынан паркта 206 эстелик бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости