www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орустар менен украиндер бир эл, каршылашуу — украиналыктарды өлүмгө түрткөн кылмыштуу режим. Мындай пикирин журналисттерге атайын аскердик операциялар өткөн райондогу аскерлердин биргелешкен тобунун командири генерал Сергей Суровикин билдиргенин РИА Новости жазды.

"Каршылаштар — Украинанын жарандарын өлүмгө түрткөн кылмыштуу режим. Биз украиндер менен бир элбиз жана бир эле нерсени каалайбыз. Украина Батыш менен НАТОдон көз каранды болбой, Россия менен ынтымакташкан мамлекет болсо дейбиз", — деди Суровикин.

Анын айтымында, Украина тарап күнүгө 600дөн 1000ге чейин кишисинен ажырап жатат, көбү жаракат алууда.

"Биздин стратегиябыз бөлөк. Муну жогорку башкы командачы да айтты. Биз шашылбайбыз, ар бир жоокерди коргоп, кол салган душманды "талкалайбыз", — деди генерал.

Ал белгилегендей, мындай жол менен аскерлер арасындагы курмандыкты азайтып, карапайым элди да өлүмгө учуратпай коргоого болот.

Эскерте кетсек, Россиянын Украинадагы атайын операциясы ушул жылдын 24-февралында башталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости