www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеш бул бийлик бутагы. Бийлик менен элдин ортосундагы көпүрө катары депутаттар турушат. Эл бизге чоң үмүт менен карайт. Биздин тең салмактуу, адилеттүү чечимдерди кабыл алуубузду күтүп турушат. Мындай пикирин депутат Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештин жыйыныда билдирди.
"Делимитация бул өтө сезимтал маселе. Туура, боордош мамлекеттер менен кызматташтыгыбызды бекемдетишибиз керек. Бул чечим эки тарапка тең пайдалуу чечим алып келүүсү зарыл. Мурдатан эле боордош элибиз менен сууну бөлүшүп келе жатабыз. Дайыма ушундай болуп келген. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев акылдуу, даанышман инсан. Анын мөөнөтүндө Өзбекстан чоң жетишкендиктерге ээ болду. Учурда ал өлкө уктмуштуудай өсүү жолунда. Бирок кеп Өзбекстанда эмес, маселе ичибизде.
Өткөн аптада өкмөт бизге келишимдин долбоорун алып келип, жактырылсын деп сурашты. Кагаздар толук берилбей, бизди шаштырышты. Ал күнү биз өзбек-кыргыз чек арасындагы айрым участокторду делимитациялоо боюнча өкмөттүн маалыматын угууну күн тартибине бекиткенбиз. 10-октябрда башка кагаз, ал эми, 11-октябрда башка кагаз келип түштү. Берилген кагаздарды, окубай туруп кайтарып бергиле деп жатышат. Ошого карабастан, мен бардыгын регламенттин негизинде алып бардым. Комитеттин мүчөлөрүнө бардык маалыматты бердим. Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү 3-пункт катары киргизилип коёлу деген сунушун айтты. Мен добушка койдум, себеби мажбурмун, биз коллегиялуу органбыз. Мен жалгыз чечимди кабыл ала албайм. Мамлекетибиз үчүн, элибиз үчүн, талашпай, тартышпай ээлеген төрагалыктан кетейин деп чечим чыгардым", - деди Айдарбеков.
Булак: NazarNews.kg