www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жети миллионунчу жаран төрөлдү

Кыргызстанда жети миллионунчу жаран төрөлдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Статкомдон ымыркай кайсы облуста төрөлгөндүгү тууралуу толук маалыматты түштөн кийин бере тургандыктарын кошумчалашты. Статкомдун маалыматы боюнча, 2022-жылдын 1-августуна карата республиканын туруктуу калкынын саны 6 млн 977 миң адамды, ал эми 2022-жылдын 1-октябрына карата 6 млн 995 миң адамды түзгөн.

Эскерте кетсек, өлкөнүн алты миллионунчу жараны Айлин Кожошева 2015-жылдын 25-ноябрында Ош шаарында, беш миллионунчу жараны Тынчтыкбек Курамаев 2002-жылдын 27-августунда, төрт миллионунчу жараны Каныкей Кайыпова 1985-жылдын 27-майында Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн.
Ошентип, жети миллионунчу жаран менен алты миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 7 жылды, алты миллионунчу жаран менен беш миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 13 жылды, ал эми беш миллионунчу жаран менен төрт миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 17 жылды түздү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости