www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия Украинаны бомбалап электрэнергиясынын 30 пайызы иштен чыкты, кызыгы Кыргызстанда "свет" өчүп жатат. АКШ XVIII кылымда Англиядан көз карандылыкты алган кул-кутандан түзүлгөн жаңы мамлекет. Персия (Иран) падышасы Дарий биздин кылымга чейин Искендер Зулкарнайндын (Александр Македонский) жүрөгүн түшүргөн согушчул мамлекет. Жер шарын талкалай турган ядролук согушка алып бара жаткан Орусия менен Украина тиреши элди кооптондуруп турат.
Иран Украинада жигердүү колдонулуп жаткан учкучсуз учактардын жаңы партиясына кошумча катары Орусияга "жер-жер" түрүндөгү ракеталарын берүүгө макул болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги ирандык жогорку даражалуу аткаминерлер менен дипломаттарга шилтеме берүү менен билдирди. Алардын айтымында, курал-жарактарды сатуу жана жеткирүү боюнча макулдашуулар жакында Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жана Улуттук коопсуздуктун жогорку кеңешинин өкүлдөрү Москвага келгенде жетишилген.
Украинанын Коргоо министрлигинин чалгындоо бөлүмүнүн башчысы Кирилл Буданов Москва 1750 учкучсуз учакка биринчи буйрутма бергенин билдирди. Өз кезегинде НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Украинага пилотсуз учактар менен күрөшүү үчүн "жүздөгөн" жигердүү тосмо станцияларын жеткиргенин жарыялады. Алар жакынкы күндөрү тапшырылат.
Байден бийликке келгенде тышкы саясатта катастрофа болот, деп айрым эксперттер болжогон эле. Соңку жаңылыктарга ылайык, президент Байден согушту каалабайт. Ал шайлоодогу үгүт иштери учурунда эле чет өлкөдөгү аскердик аракеттерди токтотуу керек деп белгилеген. Бирок АКШнын аскердик базалары бутага алынса, Байден жооп кайтарууга буйрук бериши мүмкүн. Вашингтондун Батыштагы өнөктөштөрү Байдендин чечимдерин колдоп жатканы менен АКШнын башкалар ага каршы чыгууда.
Кырдаалды эске алып, Орусия менен НАТО согушу кандай болот деп жоромолдоо туура эмес болот. Иран Орусияга жашыруун түрдө дрондорду гана эмес, "жер-жер" классындагы баллистикалык ракеталарды да жеткирүүгө макул болду. Бул тууралуу The Washington Post АКШ чалгынындагы өз булактарына таянуу менен билдирди.
Кеп 300 жана 700 чакырымга чейин жете турган "Фатех-110" менен "Зульфикар" ракеталары жөнүндө болуп жатат. Басылманын маалыматына караганда, Иран "Мохажер-6" менен "Шахид-136" камикадзе дрондорун жеткирүүнү пландоодо.Жекшембиде Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир-Абдоллахиян Португалиянын коргоо министри менен телефондо сүйлөшкөн маалда Иран Украинадагы согушта колдонулушу мүмкүн болгон куралдарды бир дагы өлкөгө жеткирбей турганын айткан.
"Биз кайсы бир өлкөгө курал-жарактан жардам берүү согушту узартат деп эсептейбиз. Биз Украина, Ооганстан, Сирия же Йемендеги согуштарды туура деп эсептебейбиз", - деген Амир-Абдоллахияна.
Бул арада аскердик ведомстволор менен бир катар дүйнөлүк ЖМКлар Иран Орусияга өзүнүн согуштук дрондорун берип жатканын кабарлашкан. Алардын үлгүлөрүнө жана санына чейин айтылган.
Августтун аягында The Washington Post басылмасы Орусияга Иран өндүрүшүнөн чыккан алгачкы дрондор келгенин кабарлаган. Сентябрда аталган учкучсуз учактар Одесса жана Одесса облусунда чабуул жасаганы айтылган. Жакында Запорожье облусунун башчысы Александр Старух аймакка Ирандын Shahed-136 камикадзе дрондорунан сокку урулганын билдирген. Иран менен Орусия аталган учкучсуз учактардын орус армиясында колдонулуп жатканын четке кагышкан.
Персияда көп тараптуу кризис болду. Иранга байланыштуу азыркы кырдаал бул кризистин бардык элементтерин камтыйт: эл аралык келишимдерге карата антипатия, өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн жергиликтүү өнөктөштөргө ашыкча ишенүү, НАТО уюмундагы өнөктөштөрү менен кайым айтышуу, Вашингтондун чыныгы стратегиясын аныктоодогу кемчилик жана негизги приоритеттерди тандоодогу каталар.
Маселен, Байден башка державалар күч алып жатканда, АКШны дөө-шаа мамлекетке айландырам деген багыт алды. Кытай менен Орусия таасирин кеңейтип жатканда, Вашингтон үчүн Иран менен тирешүү канчалык маанилүү? Тегеран менен касташуу стратегиялык кызыкчылыкка киреби? Иран чынында олуттуу коркунуч жаратабы? Кызыкчылыктарын коргоо үчүн Вашингтондун согушка баруусу керекпи? АКШдагы эксперттер "жок" деп жооп кайтарышууда. Саясат таануу боюнча адистер АКШнын базалары бутага алынса, жооп кайтаруу керек дешет. Бирок "согуш" жөнүндө сөз кылып, ага кадам таштаганы Байден администрациясынын чоң катасы экенин айтышууда.
Кандай гана тирешүү болбосун, эки башка пикирдин азыркы абал боюнча өз далилдери бар жана көп учурда айрым фактыларды эске албай коюшат. Ошондуктан, эксперттердин көбүОрусия менен НАТО согушка баратабы деп коңгуроо кагышууда. Эгер НАТО менен согуш башталса үчүнчү дүйнөлүк согушка айланып кетиши толук мүмкүн.
Үчүнчү дүйнөлүк согуш ядролук куралдардын салгылашуусу менен аяктап, жер шарында адам калбай калышы күмөн. Бир маселени так айтып кетишибиз керек. Согушту эки тарап тең каалаган жок. Согушка "багыт" алды деп сөз кылуу дагы катачылык. Себеби бул ой саясатчылар ага "аргасыздан" барды же "окуялар өзү ошого алып барды" дегенди камтыйт.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg