www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанга “темир генерал” деген ылакап менен белгилүү болгон Феликс Кулов, генерал деген пагонун ылайдан жасап алганбы? Жакында эле “Жаңы ОРДО” гезитине берген маегинде 7-апрелдеги кандуу каргашалуу окуяга “Жаныш Бакиевдин күнөөсү чоң” деп айткан.
Феликс Кулов:
— Экинчи революция кандай болду? – деген суроого,
“Форумга” чогулган элге биринчи Свердлов РИИБнин балдарын жиберишкен. Ал жакка УКМКнын “Альфасын” жибергени чоң катачылык болгон. Аларды “Форумга” эки машина менен куралдандырып жиберген. Провокаторлор аларды басып алып, куралды тартып алышты. Экинчи чоң катачылык, 6-апрель түнү оппозиция лидерлерин камакка алуу болду. Эл өздөрүнүн лидерлерин издеп, Ак үйдөн сурайбыз деп чыкты. Жолдон куралды тартып алышты. Ак үйгө келгенде бул жакта дагы даярданган топ күтүп турган. Кан төгүү ошондон келип чыкты да. Менин жеке пикиримде бул жерде Жаныш Бакиевдин күнөөсү чоң. Ал мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы эле. Анын буйругу жок курал колдоно албайт болчу. Алар элге курал колдонсок кылмышкер болобуз, бирок бизге каршы курал менен келгендерге ок чыгарууга укугубуз бар деп ойлогон болсо керек. Элдин арасында “Альфанын” куралын тартып алып, куралданган адамдар дагы болгон да.
— Ошол курал-жаракты дагы атайын таштап, Ак үйгө эл курал менен келсин дегендей кылган деп айтышат го?
— Ооба, ошентип айтып жүрүшөт. Бир топ балдар Ак үйгө курал менен келишти. Ушул дагы себеп болду. Бийликтин дагы бир катачылыгы, алар балдарды атканда – башка атышкан. Төрт дос келе жатса, бирөөсүн атып жарадар кылышканда, алар ооруканага кетишмек. Досун башына атып өлтүрүп жатса артка качпайт да. Отставкадагы полковниктин баласын өлтүрүп жатса, ал үйүнө барып жатып алмак беле. Албетте ал дагы ачык күрөшкө барат. – деген Кулов.
Кызыгы, Кулов мыйзамды билбейби? Ак үйгө ар кайсы адам эмес, “чөбүн оттогонго эшек” киргизбейт го.
Эми далил катары Ф.Кулов унутуп калса, Жаныш Бакиевдин архивдеги берген маегин эсине салалы. Окурман өзү таразаласын...
Айтикеев А.: -Сиздин агаңыз Курманбек Бакиев Жалал-Абадда турганда бир нече жолу 7-апрель боюнча өзүнүн кабинетине ок атылганын айткан. Кийин анын айтканын укук коргоочу Токтайым Үмөталиева дагы кайталап айтып чыкты. Бул боюнча СГОнун башчысы катары Сизде кандай маалыматтар бар?
Бакиев Ж.С.: -Эми 7-апрель боюнча бир аз айта кетейин. 2010-жылдын 7-апрелинде Мамлекеттик Күзөт кызматын жетектеген адам катары абдан тыкыр даярдалган, үйрөтүлгөн, экипировкалык курал-жарактар менен куралданган адамдардын тобу Кыргыз Республикасынын президенти, анын аппараты толугу менен жана өкмөт үйүнүн кызматкерлери жайгашкан №1 объектке кол салып кириши мен үчүн абдан күтүүсүз болду. Эгер эсиңиздерде болсо, 2005-жылдан баштап Кыргызстанда канчалаган митинг-пикеттер болду. Ал жерде аксакалдар, аялдар катышчу, бийлик массалык акцияларда коопсуздук жана тартипти камсыз кылчу. Ии баса, Сиз 6-апрелде башталган окуялар боюнча журналисттик иликтөөнү окудуңузбу? Мен жакында Ырысбек Өмүрзаковдун “Жетинчи апрель жана кандуу июнь окуялары журналисттин көзү менен” аттуу китебин окуп чыктым. Ал жерде баары так жазылган. Эң башкысы сөз менен эмес, фактылар менен. Ал жерде эксперттердин, митингчилердин тергөө протоколдору, соттук-медициналык корутундулар, таблицалар, сүрөттөр, түшүнүк каттар ж.б. тиркелген. Мындайча айтканда бул иликтөөнү мындай секреттик материалдарды алганга мүмкүнчүлүгү жок журналист жүргүзүп жатат. Сизге ошол китепти окуп чыгууну сунуштайм. Ал жерде бардык суроолорго так жооптор берилген.
Ал эми атууга ким команда бергени боюнча айтайын.
Мен аскер адамымын. Сөздүн адамымын. Ар дайым өзүмдүн сөздөрүмө жооп бере алам. 2010-жылдын 7-апрелинде Ак үйгө топтошкон куралчан адамдар тарабынан куралдуу чабуул жасалды. Жөнөкөй сөз менен айтканда, колунда куралы бар адамдар өлкөдөгү эң башкы стратегиялык объектиге кол салганы келишти. Форумдун жанынан төңкөрүшчүлөр ИИМ академиясынын курсанттарына граната ыргытышты. Кийинчерээк Ак үйдүн темир коргонуна жетпей борбордук желектин жанындагы милиция кызматкерлерине граната ыргытышты. Аянттагы укук корго органдарынын кызматкерлерин чала жан кылып сабашты.
Менин билишимче 7-апрель күнү 14:00 дө Президент Курманбек Бакиев “Өзгөчө абал киргизүү” тууралуу Указга кол койду. Эң алгачкы ок атуу митингчилер тараптан башталып, андан Улуттук Гвардиянын бир нече кызматкерлери жаракат алышты. Президенттин кабинетине атайын мээленген ок атуулар болду. Алар жүк ташуучу машинелердин жардамы менен Ак үйдү штурмга алууга аракеттеништи. Албетте, мен мындай кырдаалда Мамлекеттик Күзөт кызматынын төрагасы катары өз милдетимди аткардым.
Мен бир нерсени ойлоп таап айтып жаткан жокмун, бул тууралуу Жалал-Абадда жүргөндө да айткам, азыр да айтам: “Мен Ак үйгө курал менен кол салгандарга, Ак үйгө чоң колибрдүү пулемет менен ок атып жаткан БТРдин үстүндөгүлөргө, ошондой эле Ак үйдүн коргонун сүзүп кирүүгө аракеттенген жүк ташуучу машинелердин дөңгөлөктөрүнө ок атууга буйрук бергем”. А тынч жүргөн жарандарга ок атуу боюнча буйрук берилген эмес жана мен кимдир бирөөнүн астында актанууга аракеттенип жатканым жок. Мен жана Ак үйдү коргогон кызматкерлер баарын мыйзам чегинде, Баш мыйзамдын чегинде жасадык. Баары ошол кездеги Мамлекеттик Күзөт кызматы, “Альфа”, милиция жана башка укук коргоо органдарын теске салган мыйзамдардын негизинде жасалган. Бүгүн деле кайтарууда жүргөндөр эч кандай буйруксуз эле курал колдонууга акысы бар. Бул мектеп окуучусуна деле түшүнүктүү. Мен ар бир деталына токтолгум келбейт, анткени алар жетиштүү эле чагылдырылды. Ошол күнү мен эмнеден улам ката кетиргеним, мамлекеттин жогорку жетекчилиги эмнеден ката кетиргени көп эле айтылып, жазылып келе жатат. Мен кимдир бирөөлөрдү талкууга алып, президенттин, премьер-министрдин жана башка ошол кезде Ак үйдө болгондордун кемчилигин айткым келбейт. Мен өзүмдүн аракеттерим боюнча гана айткым келип жатат. Ошол күнү телеканалдар аркылуу абдан күчтүү маалыматтык чабуулдар жасалды.
Андан тышкары башка мамлекеттердин эң башкы каналдары саат сайын теледен өлүктөрдү, жарадарларды жана Таласта сабалган ИИМ министри Молдомуса Конгантиевди көрсөтүшүп, ошону менен Ак үйдү кайтарган өздүк курамга психологиялык- моралдык басым жасашты. 2010-жылдын 7-апрелинде мен тарабынан Өкмөт үйүнө чабуул жасаган куралчан адамдарды атууга буйрук бергем. Эгер бул нерсе кылмыш болсо, анда мен жооп берүүгө даярмын.
Бирок бүгүн мына ушунун баарын жасалма көбөйтүп, кылмыштуу жол менен өздөрүнүн кызыкчылыгына пайдаланып жаткан “убактылуу окмот” жана алардын чөнтөк сотторунун алдында эмес. Анткени бул окуялар болуп жатканда биз Жалал-Абадка кетип калганбыз. Менин эсимде, премьер-министр Данияр Үсөновдун жана башкалардын көшөрүүсү менен президент Ошко учуп кетти. Кийинки күнү ал жакка өкмөт курамы менен депутаттар бармак. Бул аракет туура же туура эмес болгонун айта албайм. Тилекке каршы, ошол күнү мына ушундай чечим кабыл алынып, болбоого тийиш болгон окуялар болуп кетти. Болжолу менен кечки 22:00 чамасында “убактылуу окмот” менен сүйлөшүп бүткөндөн кийин өздөрүн иш үстүндөгү бийлик катары жарыялашканын, менин жана Бакыт Калыевдин кызматтарыбыздан бошотулганыбызды жана колго түшүп берүүбүздү талап кылганнын Данияр Үсөнов айтып келди. Ал эми калгандары бош жүрө берсе болот дешти. Мындан тышкары премьер-министр Данияр Үсөнов отставка бергенин айтты. Андан кийин биздин Ак үйдө кылаар ишибиз деле калган жок. Ак үйдө президент жок, премьер-министр отставка берди, баары кетишти. Кимди коргойбуз? Эми бизге чечим кабыл алыш эле калды. Андан кийин мен Бакыт Калыев менен кеңештим да, биз Ак үйдү таштап чыгып кетүүнү чечтик. Мына ушул жерден мен өзүмдүн Мамлекеттик Күзөт кызматында иштеген кызматкерлеримден, ИИМдин кызматкерлеринен, УКМКнын кызматкерлеринен, Улуттук Гвардиянын кызматкерлеринен, жана тагдырдын татаал толкунуна таштап кеткен кызматкерлеримден кечирим сурайм.
Ошондой эле Кыргызстандын элинен ошол кездеги мамлекеттк төңкөрүштү токтото албаганым үчүн, “убактылуу окмотчулордун” бийликке келишине жол бергеним үчүн, ошонун арты менен “убактылуу окмотчулор” колу менен чагымчылыкка жол берилген 2010-жылдагы июнь коогалаңы үчүн кечирим сурайм. Данияр Үсөновдун сөзүнөн кийин биз Бакыт Калыев экөөбүз Ак үйдүн имаратын таштап чыгып кеттик. Бул болжолу менен кечки 11лер чамасы болучу, биз машине менен түштүккө кеттик. Эртеси Курманбек Бакиев ал жакка келди. Андан ары баары кабардар болгондой уланды. Ии баса, бизди “временщиктер” Интерполдун линиясы аркылуу издөөгө беришти. Бирок, Интерполдун Башкы секретариаты кат жөнөтүп, кылмыш иштеринин фабуласы Интерполдун Конституциясынын 3-беренесине туура келбей тургандыгын билдирип, баш тартышты. Анткени алар бизди саясий мотивдер менен күнөөлөшкөн.
Ак үйдүн алдында өлгөндөрдүн саны боюнча
Мен аскер адамымын жана так айтам. Бул жерде абдан тыкыр көз карандысыз иликтөө керек. Менимче ал жердеги былыктардын баары “временщиктер” бийликтен кеткенден кийин гана ачылат. “Майдан” гезитине берген маегинде экс-генпрокурор Байболов Ак үйдүн алдында 17 адам өлгөнүн айтты. Баса, Байболов “временщиктер” аны 4 адамга “Адам өлтүрүүгө жардамдашуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоого мажбурлаганын айтып мойнуна албадыбы. Бул деген “временщиктер” мыйзамды уруп ойнобойт дегенди билдирет.
“Жалданма снайперлер» боюнча
Атамбаев кийинки күнү эле бүт дүйнөгө бир нече чет элдик жалданма снайперлер кармалганы тууралуу кыйкырып жар салбады беле? Кана алар? Атамбаевден сураш керек. Бул бийлик алмашканда көп нерселер ачыкка чыгат. Ал эми менин чет элдик жалданма спайперлерди жалдап аттырганым боюнча айтып жүрүшпөйбү. Анын баары “временщиктердин” ойлоп тапканы.
Апрель соту боюнча
Адилет, Сиз билесиз, кайсыл гана билимдүү юрист болбосун, апрель окуясы боюнча соттук териштирүүлөрдүн материалдарын толук карабай туруп ага баа бере алат. Анткени ал жерде мамлекеттик айыптоочулар тарабынан абдан чоң мыйзам бузуулар болгон. Бул сот боюнча айта турган болсом, бийликтин сотторго катуу басым жасаганы алыстан эле көрүнүп турат. Алар жогорку жактын мыйзамсыз буйругун аткарып, канчалаган адамдарды мыйзамсыз соттошту. Келечекте алардын кетирген каталары өздөрүнө муш болот. Ак үйдү коргогон көпчүлүк кызматкерлер адвокат жалдашкан жок. Сотто алар өздөрүн өздөрү коргошту. Анткени алар өздөрүнүн ак экенине бекем ишеништи. Бул сот процесси 6 жылдан бери уланып жатат. Сот адилеттиги орномоюнча күнөөлүүлөр өздөрү бийлик башында отура беришет. Чындыгында алар темир тордун артында отура турган адамдар. Эгер азыр Кыргызстанда адилеттүү сот болуп жатса мен барып өзүмдүн актыгымды далилдемекмин. “Апрель окуясынын баатырлары” боюнча Бул “баатырларды” мамлекеттик төңкөрүшкө катышканы үчүн эле соттош керек. Көрсө алардын ичинен 57 адам мурда атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондор экен. Төңкөрүштөн кийин алар кайрадан кылмыш жасап, ошонун арты менен соттолушуптур. Бул эми “революционерлерге” “штрих” болсун.
Айтикеев А.: -Эл арасында, коомчулукта, ММКларда 7-апрель күнү көп адамдар артынан атылган октон каза тапкандыгы айтылып жүрөт. Бирок Ала-Тоо аянтын, Ак үйдүн алдын курчаган имараттардын баары СГО тарабынан катуу көзөмөлгө алынып, кайтарылып турган да. Эгерде кандайдыр бир башка күчтөр бул окуяга аралашып кеткен болсо, ал Сиз жетектеген СГОнун шалаакылыгы эмеспи?
Бакиев Ж.С.: —Бул боюнча көз карандысыз журналисттик иликтөө жүргүзүлгөн. Мына ошол журналисттик иликтөөлөр ар тараптан көз карандысыз эксперттердин пикирин чогултуп, ошол жердеги “баатырлардын” көпчүлүгү ар башка жерден, ар кандай курал-жарактардан каза болгону аныкталган. Экспертиза алардын октон каза болгонун аныктап жатат, бирок алар мергенчиликке ылйыкталган мылтыктардан өлгөндөр болуп жатпайбы. Ошондой эле алардын арасында ар кандай “мокок” инструменттерден каза тапкандар бар. Мисалы арматура, балта жана башка куралдар болушу мүмкүн. Бул куралдар Ак үйдү кайтарган күч органдарынын колдонуусундагы куралдар эмес. Мен мына жогорулагы фактыларга таянып, ишенимдүү айта алам, алар ар кандай талап-тоноолордон, башка бирөөнүн мүлкүн тартып алуу аракеттеринен улам каза болгондор. Көпчүлүгү автобекеттен, ЦУМдан, Токмоктон алынып келинген жана борбордук аянттан алынып келинди деп жазылган. Эч качан УКМК, Мамлекеттик Күзөт кызматы, ИИМ сыяктуу мекемелерде отун жаргычты курал катары колдонушпайт, деген Жаныш Бакиев маегинде.
Таң калычтуусу Ф.Кулов орусча айтканда өзү “военный” болуп иштеген. Мыйзамды түшүнбөйт же билбейби? Мисалга алсак, “Кудай бетин ары кылсын” Ак үйгө эл курал менен келсе, кандай гана “СГО” кызматкери болбосун ал атканга буйрук берет. Ошондой эле митингдин өзүнүн эрежеси бар, калк ар кандай талаптагы плакаттар менен менен чыгат.
Албетте 2010-жылдагыдай каргаша такыр болбой эле койсун. Тилекке каршы, Апрель революциясы өз максатына жеткен жок. 2018-жылдагы эле окуяларды эске салалы, ТЭЦте болгон окуя, 600 долларга аттиштин сатылып алынышы, Кытайга болгон карыз деги койчу, экономика сормо сазга тыгылды. Феликс мырза, азыр биз “Бакиевдерди эстеп бакырып олтура бербей, Кытайга болгон карыздарды жегендерден өкүртүп төлөтүп” алышыбыз керек. Ансыз да ахыбал – чатак...
Эмнеси болсо дагы эми Кудай күч-кубатты Сооронбай Жээнбековго берсин. Президенттин колуна-кол бутуна бут болуп, көмөк көрсөтпөсөк, кууп да көрдүк, уруп да көрдүк, камап да көрдүк, эң жакшысы жегендерди “кустуруш” керек окшойт...
Булак: NazarNews.kg