www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Генералдар ИИМдин күзөт кызматкерлери менен жолугушту

Генералдар кеңешинин мүчөлөрү Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 3-мартта өткөн жолугушууга министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов, Генералдар Кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы генерал-майору Садырбек Дубанаев, ИИМдин Генералдар кеңешинин коомдук мүчөлөрү милициянын отставкадагы генералдары Осмонали Гуронов жана Шейшенбек Байзаков катышкан.

Иш-чарага келген ардагерлер белгилегендей, эгемендүү мамлекет түптөлө баштаганда, милиция кызматкерлери  өтө татаал шарттарда иштөөгө туура келген. Алар кээде электр жарыксыз, техникасыз жана жылуулуксуз иштеп, документтерди машинкаларга кол менен басып чыгарышкан. Бүгүн милиция кызматкерлери бардык зарыл болгон материалдык-техникалык база менен жабдылган.

Ал эми, Октябрь Урмамбетовдун айтымында, мамлекет тарабынан милициянын ишин ыңгайлуу шарттар менен камсыз кылуу үчүн мүмкүн болгон бардык аракеттер көрүлүп, материалдык-техникалык база оңолуп, атайын техника менен камсыздоо жаатында алгылыктуу иштер жүрүүдө.

«Жыйынтыгында кандай мезгил болбосун милицияга болгон коомдун ишеними жана талабы жогору бойдон кала берери, андыктан милициясынын өзөгүн, ички иштер кызматкерлеринин басымдуу көпчүлүгүн ак ниет, намыстуу, мекенге берилген инсандар түзүзүп, милициянын катарында жогорку кесиптик жана руханий-адеп-ахлактык сапаттарга ээ болгон гана адамдар кызмат кылуусу керектиги айтылды», — деп билдирет министрлик.

 

 

Последние новости