www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Facebook социалдык тармагында шайлоо алдында шайлоочуларга акча таратуунун көбөйүшү, Ысык-Көл облусунун аймагында жетим балдарга материалдык баалуулуктарды жеткирүү жөнүндө маалыматтар жарыяланган. Бул тууралуу бүгүн 30-сентябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымы боюнча, аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесинин 1-бөлүмү (“Шайлоочуларга пара алуу”) менен катталган.

Муну менен катар, Бузуулар кодексинин 42-3-беренеси боюнча (“Шайлоочу тарабынан акча каражаттарын жана материалдык баалуулуктарды алуу”) 5 адам жоопко тартылды.

Ошондой эле, Facebook социалдык тармагына “Мекеним-Кыргызстан” саясий партиясынын ленталары жана баракчалары “Социал-демократтар” саясий партиясынын баннерлерине жабыштырылган видео жарыяланды.

Бул факт Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгында катталып, топтолгон материалдар аймактык шайлоо комиссиясынын кароосуна мыйзамдардын талаптарына ылайык жөнөтүлүп, натыйжада күнөөлүү М. у. Р. жана А. у. М. КР Бузуулар жөнүндө кодексинин 48-беренеси (Үгүт материалдарын жок кылуу же бузуу) боюнча жоопкерчиликке тартылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости