www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында геопарктарды өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоорлору үч окууда жактырылды.

Маалыматка ылайык, депутаттар тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасындагы геологиялык парктар жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, анын негизги максаты өлкөдө геопарктардын улуттук тармагын түзүү, уникалдуу геологиялык объектилерди сактоо жана туруктуу туризмди өнүктүрүү аркылуу аймактардын социалдык-экономикалык өсүшүнө шарт түзүү экени белгиленди.

Ошондой эле “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоор да үч окууда каралып, колдоого алынды. Аталган өзгөртүүлөр өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тутумуна геопарк түшүнүгүн киргизүүгө жана алардын укуктук негиздерин бекемдөөгө багытталган.

Жыйындын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин өкүлү мыйзам долбоорлоруна колдоо билдирип, маселелер мыйзам чегинде чечилерин маалымдады.

Мыйзамдык демилгелер Кыргызстандын геологиялык мурастарын сактоого, эл аралык деңгээлдеги геопарктарды өнүктүрүүгө жана туристтик потенциалды кеңейтүүгө багытталары айтылды.

Последние новости