www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 22-июнда курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев ички иштер органдарынын өкүлдөрү жана курулуш компанияларынын жетекчилери менен жумушчу жыйын өткөрдү.
Жыйында курулуш объектилеринде эмгектенип жаткан чет элдик жумушчулардын каттоосу, документтерин тартипке келтирүү, жүрүм-туруму жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Ошондой эле курулуш аянтчаларында мыйзам талаптарын так сактоо, тартипти күчөтүү жана ар бир объектте жоопкерчиликти жогорулатуу зарылдыгы белгиленди.
Министр Нурдан Орунтаев чет элдик жумушчуларга тиешелүү шарттарды түзүү менен катар, алардын документтерин жана каттоосун үзгүлтүксүз көзөмөлдөө керектигин айтып, коомдук тартип жана коопсуздук биринчи орунда экенин белгиледи.
Жыйындын соңунда көйгөйлөр боюнча түздөн-түз мамлекеттик органдарга кайрылуу жана кооптуу жагдайларда 102 кызматына өз убагында билдирүү зарылдыгы айтылды.