www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Батыш өлкөлөрү Украинага бейтарап макам ала албай ката кетиришти, деп билдирди оңчул Германия үчүн альтернатива (AfD) партиясынын теңтөрагасы Алиса Вайдель ZDF телеканалында.
"Биз бул чыр-чатактын келип чыккан кырдаалды унутпашыбыз керек", - деп баса белгиледи ал.
Депутаттын айтымында, Орусия бир нече ондогон жылдар бою Украинанын НАТОго интеграцияланышына чыдабай турганын эскертип келген, бирок Батыш бул "кызыл сызыктан" өтүп, муну менен ката кетирген.
Эске салсак, 2014-жылы Жогорку Рада өлкөнүн блокко кирбеген статусунан баш тартып, эки мыйзамга өзгөртүү киргизген. 2019-жылы парламент Евробиримдикке жана НАТОго кирүү багытын аныктаган конституцияга түзөтүүлөрдү кабыл алган. Украина альянстын өнөктөшү статусун алган алтынчы мамлекет болуп калды.
Москва альянс тирешүүгө багытталганын бир нече жолу билдирген. Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков белгилегендей, биримдиктин мындан ары кеңейиши Европага чоң коопсуздук алып келбейт.
Булак: NazarNews.kg