www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда 80000 турист кармалып калды

Кытайдын түштүгүндөгү Санья курорттук шаарында коронавирустун жаңы түрү (Covid19) боюнча чектөөлөрү жарыялангандан кийин 80,000 турист кармалып калды. Бул тууралуу trt.net жазып чыкты.

Расмийлер, тропикалык Хайнань аралындагы шаардын Covid19дун жайылышынан улам ысык аймак деп жарыяланганын жана эпидемиянын жайылышынын алдын алуу үчүн коменданттык саат менен кошо чектөөлөр кечээ эртең менен күчүнө киргенин билдиришти.

Чектөөлөрдөн улам 80 миң турист тыгылып калган Саньяда темир жол кызматкерлери шаарда бардык билеттерди сатууга тыюу салып, учак каттамдары да токтотулду.

Саньядан кетүүнү каалаган туристтер 7 күн бою 5 ПЦР анализинен өтүп, анын баары негатив болуп чыгышы керек.

Коменданттык саат Саньядагы туристтик сезондун кызып турган убагында киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости