www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 18-ноябрында, КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Джангазиев Германия элчилигинен COVID-19 оорусу менен жабыркаган бейтаптарды дарылоо үчүн 30 аба-кычкылтек аралаштыргычын, медициналык жабдууларды жана чыгымдалуучу материалдарды кабыл алды.

Белекке берилген медициналык жабдыктар Германиянын Кыргызстандагы COVID-19 бейтаптарын эки тараптуу кызматташтыктын жардамы менен дарылоого жана көзөмөлдөөгө кошкон салымы болуп саналат. Жабдууларды сатып алуу Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH (Герман эл аралык кызматташтык коому), КР Саламаттык сактоо министрлиги жана ДСУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан координацияланган.

Өз кезегинде, министрдин орун басары Бакыт Джангазиев жаңы коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө саламаттыкты сактоо тармагын колдогондугу үчүн Өкмөткө жана Германия элчилигине ыраазычылык билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости