www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн КР Саламаттык сактоо министрлигине COVID-19 коронавирустук инфекциясы менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн 100 000 АКШ долларына дары-дармектер, анын ичинде гепарин жана антибиотиктер тапшырылды. Бул дары каражаттарын Европа Биримдигинин финансылык колдоосу алдында ЮНИСЕФ сатып алган.

Дарылардын арасында:
1000 таңгак ко-амоксиклав;
500 таңгак цефтриаксон;
1000 таңгак гепарин бар.

Дары каражаттарын тапшыруу аземине КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин директору Тимурлан Кысанов, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Шарлотт Адриэн жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Юлия Олейник катышты.

Бул дарылар COVID-19га каршы туруу, негизги дары каражаттарынын тартыштыгын болтурбоо максатында КР Тышкы иштер министрлигинин өтүнмөсүнө жооп катары алынды.

Буга чейин, КР ССМи өлкө үчүн эң зарыл дары каражаттарынын тизмесин бекиткен. Бул тизме COVID-19 менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн улуттук клиникалык протоколго ылайык түзүлгөн. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости