www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Польша менен Беларустун чек арасындагы миграциялык кризисти жөнгө салуу маселеси боюнча Германия жалгыз аракеттенбей турганын немис өкмөтүндөгү жашыруун булак "Рейтер" маалымат агенттигине билдирди.

Буга чейин Германиянын ички иштер министри Хорст Зеехофер анын өлкөсү чек арада турган мигранттарды кабыл албай турганын билдирген. Ал Ангела Меркел менен Александр Лукашенконун ортосунда бул тууралуу макулдашуу болбогонун жана Минск жалган сүйлөгөнүн ашкерелеген болчу.

Александр Лукашенконун басма сөз катчысы Наталья Эйсмонт 18-ноябрда немис канцлери менен сүйлөшүүдө мигранттар үчүн гуманитардык коридор ачуу тууралуу сөз болгонун айткан:

"Ангела Меркел менен биринчи жолку сүйлөшүүдө президент төмөндөгүдой механизмди сунуштады. Евробиримдик лагерлерде турган 2 миң качкын үчүн гуманитардык коридор түзүүгө тийиш. Ал эми биз бул жакта калган 5 миң качкынга эгер алар кааласа, үйлөрүнө кайтканга көмөк көрсөтүү милдетин мүмкүнчүлүккө жараша өзүбүзгө алабыз. Ал эми Ангела Меркел Евробиримдик менен бир топ маселе боюнча, анын ичинде Германия гуманитардык коридор уюштурууну камтыган сүйлөшүүлөрдү өткөрө турган болду".

Ал эми ошол эле кезде Варшава Беларус мигранттарга байланыштуу кырдаалды жөнгө салбаса, Кузницедеги темир жол өткөрмөсүн жабарын эскерткен. Үч күн убакыт берип, Минскиге ультиматум койду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости