www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Ковид менен ооругандардын саны кайрадан өсүп жатабы? Сиздердин ооруканада вируска чалдыккан канча бейтап бар?

- Бүгүнкү күнү саламаттык сактоо министрлиги тарабынан атайын иш-чаралар каралган. Ага ылайык, эгерде биздин оорукана толуп калса, башка ооруканаларда бейтаптарды коронавирустан дарылоого мүмкүнчүлүктөр пайда болот.

Бирок азыркы учурда бизде болгону 209 адам жатат. Оорукана 500 орунга ылайыкталгандыктан, жарандарды жаткырып, бул илдеттен дарылаганга орун дагы, шарт дагы бар. Дары-дармектер жетиштүү.

- Кытайда, ошондой эле Европанын бир катар мамлекеттеринде вирустун жаңы штаммы жайылып, оору күчөп, чектөөлөр киргизилип жатканы белгилүү болду. Бизде да бул абал кайталанышы мүмкүнбү?

- Жарандар санитардык жана гигиеналык эрежелерди так сактап, вакцина алса, андай болбойт. Себеби, адамдар эмдөөдөн канчалык көп өтсө, ковидди жугузуп алуу коркунучу азайып, Кыргызстан дагы коопсуз өлкөгө айланат.

Маселен, бизде дарылануудан өтүп жаткандардын арасынан 15 адам кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Алардын абалы өтө оор. Булардын баардыгы вакцина алган эмес. Себеби, алгысы келбегенин билдирип, же кимдир бирөө «алба» дегенин айтат.

«Эми сакайып, ооруканадан чыксак сөзсүз түрдө алабыз» дешти. Албетте, дарыланып жаткандардын арасында эмдөөдөн өткөндөр деле бар, алардын оорулары жеңил өтүп, бат эле айыгып кетишүүдө.

- Вакцина алуу темпи кандай жүрүүдө?

- Жарандардын 46%ы эле эмдөөдөн өттү, бул дагы биринчи дозаны алгандар. Темп өтө төмөн. Качан пайыздык көрсөткүч 70- 80%га жеткенде, Кыргызстан коопсуз мамлекеттердин катарына кире алат. Бул өтө өкүнүчтүү.

Бардык жерде вакцина жеткиликтүү болгонуна карабай, жарандар массалык түрдө албай жатышат. Айрыкча шаарларда активдүүлүк төмөн. Керек болсо медицина кызматкерлеринин да «албайбыз» дегендери бар.

Өкүнүчтүүсү, «эмнеге албайсың?» деген суроого аргумент келтире алышпаганында болуп жатат. Албетте, мындай абал бир эле Кыргызстанда эмес, бүтүндөй дүйнөдө жаралууда. Бирок Израиль, Катар өлкөлөрү 100 пайыз эмдөөдөн өтүптүр.

Биз дагы ушундай көрсөткүчкө жетишишбиз керек. Буларда кайрадан ревакцинация башталды, тактап айтканда, үчүнчү эмдөөдөн өтүп жатышат.

- Бизде ревакцинация качан башталат?

- Мисалы, мен илдет жаңы башталганда ооругам, кийин вакцина алдым, бу саам жакшымын. Азырынча антителанын деңгээли жетиштүү, эгер түшүп кетсе декабрда ревакцинация алам деп турам.

Мунун эч кандай оорчулугу жок, Кыргызстандын баардык аймактарында бар, жарандар болгону эле ооруканага келип, эмдөөдөн өтүп коюшу керек. Коронавируска каршы ревакцинация декабрда башталат.

Каалаган жарандар тесттен өтүп, организмдеги антителалардын саны 3 бирдиктен аз болсо, ревакцинациядан өтө алышат. Бул бир эле жолу сайылуучу дары. Азыр көп эл чогулган жерлерде мурдагыдай беткап тагынбай калышты.

Бул кооптуу, биз оорубай тургандай жүрөбүз. Ушул көрүнүш кайталана берсе, кокус жаңы штамм келип кала турган болсо, коркунуч жаралат. Ошол эле учурда Түркия, Австрияда беткабы жокторго олчойгон айып пул салынат. Эми Россияда дагы ушул эрежени киргизип баштады.

- Башка мамлекеттерде балдарды эмдөө активдүү жүрүп жатат, бизде качан башталышы мүмкүн, анан балдарга вакцина сайдыруу кооптуу эмеспи?

- Жок, балдарга эмдөө кооптуу эмес. Анткени вакцина атайын алардын организмине ылайыкталып иштелип чыгат. Азыр мындай дары Россияда даярдалууда. Чет өлкөдө 2 жаштан баштап кичинекей балдарга сайдыра башташты.

Биз алгач негизги эмдөөнү бүтүрүшүбүз керек, себеби, чоңдор биринчи чалдыгат, вирусту ташып жүрүшөт. Ооруканада жаткандардын ПЦР анализинен ковид чыккан жаш балдардын саны төртөө эле. Басымдуусу чоң адамдар.

Булак: Азия News гезити

Последние новости