www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германиянын Саксония аймагынын Дрезден шаарында Экинчи дүйнөлүк согуштан калган 250 килограммдык бомба жарылды.
Дрезден полициясынын катчысы Томас Гайтнер журналисттерге берген маалыматта бомбаны таасирсиз абалга алып келүү ишинин ойлогондон дагы кыйын өткөндүгүн айтты. Билиги бомбанын ичине бастырылгандыктан таасирсиз абалга алып келүү жарым калгандыгын билдирди. Андан кийинн жарылуунун болгондугун айткан Томас Гайтнер ал учурда бомбанын үстүнө жабылган изолациялоо материалынын от алгандыгын, эч кимдин жараланбагандыгын жана жарылуунун чоң чыгымга жол ачпагандыгын билдирди.
Томас Гайтнер тик учардан багытталгана өрт өчүргүч робот менен өрттүн өчүрүлгөндүгү жана бомбаны муздатуу ишинин баштатылгандыгын айтты.
Саксония коопсуздук директорлугунун расмий твиттер эсебинен «Коркунуч улантылууда» деген маалымат бөлүшүлүп, бомбанын ичинде канчалык жарылуучу заттын бар экендиги белгисиз экендиги билдирилди.
Бир тараптан Дрезден аэропортунун твиттер эсебинен берилген маалыматта болсо Дрезден аба мейкиндигинин жабылгандыгы жана аэропортто конуу жана учуулардын мүмкүн эмес экендиги белгиленди.
Эки күн мурда курулуш иштери учурунда табылган бомбанын таасирсиз абалга келтирилиши үчүн кечээ 8 миң 700гө жакын киши үйлөрүнөн чыгарылып, бомба турган жердин 800 метр тегереги тыюу салынган аймак деп жарыяланды.
Өткөн жумада Берлин жана Падерборн шаарларында өткөн жылы да Ганноверде Экинчи дүйнөлүк согушунан калган бомбаларды таасирсиз абалга келтирүү учурунда он миңдеген киши үйлөрүнөн чыгарылган болчу.
Жалпы Германияда Экинчи дүйнөлүк согушунда колдонулган жана азыр да жер астындагы миңдеген жардырылбаган бомбанын бар экендиги болжолдолууда.
Булак: "trt.net.tr"