www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Немец армиясынын жогорку кызматтагы офицерлеринин Крым көпүрөсүн жардыруу боюнча аудиосүйлөшүүлөрү Бундесвер (Германиянын Куралдуу күчтөрү) арасында тарап жатат. Бул үнжаздырууну алар жасалма эмес деп эсептешерин РИА Новости Welt немец басылмасына таянуу менен жазды.

Буга чейин Bild гезити тарап кеткен сүйлөшүүлөрдүн көпучурлары анын чынэкендигин далилдей турганын жазган.

"Жазылган үндөр Бундесвер арасында датарады, бир нече аскер Welt басылмасына сүйлөшүүлөрдүн жасалма эместигин билдиришкен", – деп айтылат материалда.

Буга чейин Германиянын Коргоо министрлиги РИАНовости агенттигине немец аскер кызматкерлеринин Крым көпүрөсүнTaurus ракетасы менен жардыруу тууралуу сүйлөшүүсү депбожомолдонгон аудиожаздыруулар боюнча комментарий берүүдөн баштарткан. Ошол элеучурда ведомство T-Online маалымат порталына Германиянын контрчабуулу немец офицерлеринин сүйлөшүүлөрү тыңшалып жатканы боюнча текшерүү жүргүзөрүн билдирген.

Буга чейин "Россия сегодня" медиатобунун башкы редактору Маргарита Симоньян мурдараак анын колуна немец Бундесверинин Крым көпүрөсүнө сокку уруу боюнча талкуусунун аудиоварианты түшкөнүн билдирген.

Диалог 19-февралда Бундесвердин Аскердик-аба күчтөрүнүн командачылыгынын операциялар жана машыгуулар бөлүмүнүн башчысы Грефе, Бундесвердин Аба-күчтөрүнүн инспектору Герхарц жана Бундесвердин космостук командачылыгынын аба операциялар борборунун кызматкерлери Фенске менен Фростедте ортосунда болгон.

Маекте офицерлердин бири "мен көпүрөнү жоккылууга дагы биржолу токтолоюн дегем. Биз мунун үстүндө көп иштедик, бирок көпүрөнүн чоңдугу учуп-конуу тилкесиндей бар. Ошон үчүн ага 10 эмес, 20 Taurus ракеталары керек болушу мүмкүн" дегенин угууга болот.

Бул сүйлөшүүнүн толук вариантын шилтемеден окуңуз.

Последние новости