www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2-мартта билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасында кардиохирургия бөлүмүнүн ачылышына катышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, аземге саламаттык сактоо министринин орун басары Айжамал Шамбетова, Кыргызстан, Казакстан, Россия, Өзбекстан жана Түркиянын дарыгерлер, окумуштуулар, окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышты.

Догдуркүл Кендирбаева кардихирургия бөлүмүнүн ачылышы жарандарга кызмат көрсөтүүгө, анын ичинде жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу ишмердүүдүүлүгүн жүргүзүүдөгү ролун белгиледи.

"Президент 5 жогорку окуу жайга толугу менен автономиялык чечим кабыл алууга укук берген. Учурда бул окуу жайлар 4-муундагы окуу жайга айланды. Студенттер билим, илим, көндүмдөрдү гана албастан өзүнүн алган билимдерин өндүрүшкө салып, монетизациялоо ийгиликтүү жүрүп жатат. Илимге жана билимге азыр чек жок, алдынкы тажрыйбаларды алмашууда ОшМУ лидер окуу жайлардын катарына кирет",- деди Кендирбаева.

Бөлүм акыркы заманбап үлгүдөгү медициналык шаймандар менен жабдылган. Буга чейин медициналык клиникада биринчи жолу кардиохирургия боюнча бейтаптын жүрөгүн токтотпой, согуп турган абалда ачык түрдөгү хирургиялык операция жасалган.

Кардиохирургия бөлүмү ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата пайдаланууга берилди.

Последние новости