www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германия Кыргызстандын 14 миллион евро карызын кечет

Германия Кыргызстандын 14 миллион 900 миң евро карызын кечкени жатат. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Руслан Татиков 16-майда парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айтты.

Анын сөзүнө караганда, ал үчүн Кыргызстан үч жылдын ичинде бюджеттен ушул суммадагы каражатты аз камсыз болгон адамдарга ипотекалык насыя үчүн бериши керек. Коюлган талапка ылайык, ипотекалык насыя Бишкек менен Ош шаарларынан башка аймактарда жашагандарга берилиши зарыл. Ошондо Кыргызстандын Германияга болгон 14 миллион 900 миң евро карызы жоюлат.

“14 миллион 900 миң еврону Германияга 2028-жылга чейин төлөшүбүз керек болчу. 2022-жылы Германияга карызды төлөө үчүн 2 миллион 700 миң евро каралган. Биз бул каражатка кошумча 1 миллион 300 миң евро таап, ипотекалык насыя үчүн беребиз”, - деди Руслан Татиков.

Министрлер кабинети менен Германия өнүктүрүү банкынын ортосундагы карызды конверция кылуу макулдашуусу Бюджет боюнча комитетте колдоо тапты.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 2022-жылдын 28-февралына карата 5 миллиард 120 миллион долларга жакындады. Анын ичинен ички карыз 817,31 миллион доллар, тышкы карыз 4 миллиард 301,84 миллион доллар. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости