www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Анкара Москва менен Киевдин ортосунда кылдат дипломатиялык балансты сактоого милдеттүү, Орусияны жазалоо үчүн кысымды күчөтүүнүн пайдасы жок. Бул тууралуу Түркия президентинин расмий өкүлү, башкы кеңешчиси Ибрагим Калын билдиргенин РИА Новости жазды.

"Түркия Орусия менен Украинанын ортосундагы чырдын сүйлөшүү жолу менен чечилишине жардам берип, эки мамлекетке карата кылдат дипломатиялык балансты кармап турушу керек. Анкара Москванын аракетине терс көз карашта болгону менен Орусияга карата андан катуураак "карателдик" позицияны кармануунун пайдасы жок экенин түшүнөт", — деди Калын.

Дипломат Түркия башынан баштап эле кандуу тирешүүгө каршы болуп келгенин белгиледи.

"Каршылашкан эки тарапка ишенимдүү өнөктөш, ортомчу, фасилитатор, модератор, башкача айтканда, Орусия менен да, Украина менен да сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ кайсы бир кызматтагы кимдир бирөө керек. Биз атайын операция башталгандан тарта ушул позицияны сактай алдык, бул тараптардын баары тең салмактуу позицияны карманышы үчүн жалпы кызыкчылыктагы иш", — деп кошумчалады Калын.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости