www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия газынан баш тартуу Германиянын бардык тармактарында тартыштыкты жаратат. Бул туурасында РИА Новости швейцариялык SRF телеканалына шилтеме кылып жазган.

Өнөр жай өкүлдөрү эгерде азыр Орусиянын серьесунан баш тартса экономика төмөндөй баштаарын эскертип жатышат. Тагыраагы, химиялык гигант BASF өзүнүн ишин токтотсо курулуш материалдары менен жарым фабрикаттардын каатчылыгы ар тараптан каптайт.

Автомобиль өндүрүшү маңдайкы айнектерди жасай албай калат, башкача айтканда, сатуу токтойт, тамак-аш өнөр жайы маанилүү болуп келген ингредиенттерден кол жууйт, фармацевтика аксайт. Тартыштык бардык жакта жаралат.

Камсыз болуп жашаган учур каатчылыкка кептелет, андыктан Орусия газы зарыл деп жыйынтык жасаган SRF.

Мындан мурдараак Федералдык тармактар агенттигинин башчысы Клаус Мюллер көгүлтүр оттун үзгүлтүккө учурап берилиши немец бизнесине, калкка кесепетин оңбогондой тийгизерин айткан. Ал эми Германия ТИМ жетекчиси Анналена Бербок Орусиядан газ импорттоого тыюу салган тартип киргизүү боюнча сүйлөгөн.

Орусиянын Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо боюнча атайын операциясы башталгандан тарта Батыш Москвага санкция боюнча басымдарын катуулатты. Чектөө биринчи иретте банк системасы менен жогорку технологиялык продукцияларды ташып келүү жолдоруна коюлду.

Европада орусиялык энергоресурстарга көз каранды болууну азайтуу боюнча чакырыктар айтыла баштады. Анткен менен технологиялык чынжырчанын бузулушу Европа менен АКШда экономикалык көйгөй жаратып, тамак-аш жана отун ресурстары кымбаттады.

Кремль мындай кадамды буга чейин кездешпеген экономикалык согуш деп атады. Бийлик абалдын жогорудагыдай болуп кетишине мурдатан даяр болгондугун жана социалдык милдеттерин аткара берерин билдирген.

Орусиянын банктары валюта рыногундагы кырдаалды жөнгө сала турган чараларды көрдү. Өкмөт жүзгө чукул демилгени камтыган санкцияга каршы планды даярдаганын билдирип, финансылоонун көлөмү триллион рублге жакын акчаны түзөрү айтылды.

Батыш санкцияларынын күчөгөн учурдун фонунда Орусия касташкан мамлекеттерге берген газдын акчасын рубль менен алмай болду. Газпромбанк чет элдик сатуучулар үчүн валюталык жана рублдик эсептерди ачары айтылган.

Алар биринчи эсепке келишимде көрсөтүлгөндөй валюта менен которот, банк аны Мосбиржада сатат да, андан кийин гана берген тарап менен эсептешүүгө мүмкүнчүлүк жаралат.

"Чоң жетиликтин" өлкөлөрү Москванын бул позициясы менен макул эмес жана көгүлтүр оттун акысын рубль менен талап кылуу келишимди бир тараптуу бузгандык деп эсептейт. Кремлден буга "акча төлөнбөсө газ да болбойт" деп жооп беришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости