www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Медербек Алиев: «Депутаттар «висячий» чечим кабыл алышты»

- Медербек Кубанычевич, БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимовдун өз арызын артка кайтарып алуусу боюнча маселе эмне себептен ушул кезге чейин созулуп келе жатат?

- Буга чейин эле БШКнын ал мүчөсү алтынчы чакырылыштын депутаттарына арыз жазыптыр, кызматтан кетем деп. Кайсы маселе болбосун, Жогорку Кеңеште биринчи комитетте каралат. Алар «арызды канааттандыруу же канааттандырбоо маселеси палатада каралсын» деп чечим кабыл алыптыр.

Андан кийин жетинчи чакырылыштын комитети да кабыл алды. Ошон үчүн палата бул меселеге чекит коюш керек, же «калып иштесин», же «арыз жаздыбы, жумуштан кетсин» деген бир чечимди кабыл алышы керек. Бир жылдан ашып кеткен меселе болду бул.

- Бирок бүгүн кайра эле күн тартибинен алынып калбадыбы?

- Ооба, дагы эле «висячий» болуп калды. Депутаттар ошондой чечим кабыл алышты. Кээ бир депутаттар сунуш киргизип, маселени күн тартибинен алып коюшту.

Булак: Азия News гезити

 

 

 

 

Последние новости