www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саксониянын премьер-министри Михаэль Кречмер Германиянын Орусиядан келген газдан эмне үчүн толугу менен баш тартууга кудурети жетпей турганын түшүндүрүп, ошондой эле Украина жаңжалын токтотуу жана Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүүнү токтотуу зарылдыгын белгиледи.
«Биз азыр орус газынан баш тарта албай турганыбызды көрүп жатабыз. Анын ичинде биздин санкциялар бул дефициттик кырдаалдын себеби болуп калды. Биз болгон күчүбүз менен бул жаңжалды токтотуп, андан соң Орусия менен экономикалык кызматташтыкты кайра баштоого аракет кылышыбыз керек», - деди саясатчы Функе тобунун гезиттерине берген маегинде, «куралдын үнүн басуу керек» деп баса белгиледи.
Анын айтымында, учурда дүйнөлүк коомчулук жаңжалды дипломатиялык жол менен жөнгө салууну жакташы керек. Кречмер Германиянын Украинадагы согуштук аракеттер аяктагандан кийин кайрадан Орусиядан газ сатып алышы керектигине көңүл бурду. Анын айтымында, эгер Берлин азыркы саясий багытты карманууну уланта берсе, анда мындай мүмкүнчүлүк жок болот. Ал белгилегендей, кыштын жылуу болушуна ишенүү менен бирге көгүлтүр отунду үнөмдөөгө аракет кылуу аздык кылат.
Булак: NazarNews.kg