www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германия быйыл орус мунай жана газы үчүн рекорддук сумманы төлөйт деп РИА Новости маалымат агенттиги билдирди.
Германиянын орус мунайына болгон чыгашасы 11,4 миллиард евродон 14,3 миллиард еврого чейин көтөрүлөт. Газдын импорту былтыркы 8,8 миллиард евродон 2022-жылы 17,6 миллиард еврого чейин эки эсеге көбөйүшү мүмкүн. Кошумчалай кетсек, изилдөөгө ылайык, орусиялык көмүр үчүн 2 миллиард еврого жакын акча төлөнүшү керек.
Германия жана башка Батыш мамлекеттери Орусия армиясынын Украинадагы атайын операциясына жооп иретинде кеңири санкцияларды киргизгенден кийин күйүүчү майдын кымбатташына дуушар болууда. Ошого карабастан, Европада Орусиянын энергетикалык ресурстарынан көз карандылыкты азайтуу чакырыктары уланууда.
Берлин көмүр жана мунай импортун 2022-жылдын аягына чейин, ал эми газды 2024-жылдын ортосуна чейин токтотот деп күтүүдө. Жыл башында Германия табигый газ импортунун дээрлик 55 пайызын Орусиядан алса, азыр бул үлүш 40 пайызга чейин кыскарды. Расмий Берлиндин көз карашында орус газына альтернатива катары Катардан, АКШдан жана башка өлкөлөрдөн келген СТГ болушу мүмкүн.
Украинадагы аскерий операцияга байланыштуу Батыштын санкцияларын катаалдаштыруунун фонунда Орусия дос эмес мамлекеттерге жаратылыш газы үчүн төлөмдөрдү рублга которду. “Газпромбанк” чет элдик сатып алуучулар үчүн атайын валюта жана рубль эсептерин ачат. Алар көгүлтүр отун жеткирүү келишиминде көрсөтүлгөн валютадагы биринчи эсепке акча которо алат, банк аны Москва биржасында сатат, андан кийин жеткирүүчү менен эсептешүүлөр башталат.
Чоң жетиликтин өлкөлөрү Москванын позициясы менен макул эмес жана газ үчүн рубль менен төлөө талабын келишимдерди бир тараптуу бузуу катары баалашат. Бул тууралуу Кремль: "Төлөм жок – газ жок" деп белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости