www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баалардын кескин жогорулашынан, агрессиядан жана социалдык чыңалуудан улам Германияда быйылкы кышта массалык нааразылык акциялары жана баш аламандыктар болушу мүмкүн. Бул тууралуу Тюрингиянын Конституцияны коргоо департаментинин башчысы Штефан Крамер ZDF телеканалына берген маегинде билдирди, деп жазат Gazeta.ru.
Чиновник ошондой эле, Германияда мамлекеттик төңкөрүш жасоо үчүн террордук чабуулдар болушу мүмкүн экенин айткан.
"Украинадагы жаңжалдар да, энергетикалык кризиске байланыштуу экономикалык экзистенциалдык коркуу да, бардыгына жана баарына жалпы нааразычылык күчөп баратат", - деди ал.
Эске салсак, буга чейин “Süddeutsche Zeitung” гезити немис саясатчылары "Түндүк агым-2" газ куурун ишке киргизүүнү өкмөткө чакырганын, анткени андан баш тартуу энергетикалык кризиске жана массалык нааразылык акцияларына алып келет деп чочулаганын жазган.
Маселен, Бранденбургдун Ландтагындагы ХДСнын парламенттик тобунун башчысынын орун басары Франк Боммерт эгерде бул маселенин чечилиши создуктурулса, элдик толкундоолор башталат деп эсептейт.
Булак: NazarNews.kg