www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыш өлкөлөрү Кытайдын бул жааттагы жетишкендиктерин жок кылуу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканына карабастан, дүйнөнүн көпчүлүк адамдары Кытайдын адам укуктары маселесине карата мамилесин жактырышат. Муну CGTN аналитикалык борбору менен Кытайдын Жэньмин университетинин коомдук пикир институту биргелешип жүргүзгөн глобалдык сурамжылоонун жыйынтыгы далилдеп турат. Мындай маалыматты NazarNews маалымат агенттигине кытайлык CCTV-plus агенттиги билдирди.

Бүткүл дүйнөлүк сурамжылоого 22 өлкөдөн, анын ичинде АКШ, Жаңы Зеландия, Япония, Индия, Египет жана Нигериядагы адамдар катышкан. Сурамжылоого катышкандардын 57%га жакыны "Кытай адам укуктары маселесине реалдуу жана практикалык жактан ырааттуу түрдө мамиле жасап келет" деген пикирге кошулса, 26%ы буга толук кошулган.

Дүйнөнүн өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрүнөн келген респонденттердин болжол менен 56% Батыш саясатчыларынын "Кытай коркунучу" идеясын жайылтуусунун чыныгы себептери Кытайдын өсүшүнө байланыштуу "стресс жана тынчсыздануу" экенин айтышты. 

Бүтүндөй адамзатка көңүл бурган жана конфронтациядан качуунун жаңы жолун издеген кытайлык “Тагдырдын жалпы дүйнөлүк коомчулугу” концепциясы респонденттердин 61% тарабынан жактырылды.

Кытайдын "Бир алкак, бир жол" демилгесине катышкан өлкөлөрдүн элдери Кытайдын позициясына көбүнесе макул. “Бир алкак, бир жол” демилгесине катышкан өлкөлөргө таасир эткен негизги пункттарга “өнүктүрүү жетишкендиктерин бөлүшүү” (53%), “эл аралык рынокту кеңейтүү” (51%), “базалык инфраструктураны бекемдөө” (44%) жана “маданий алмашуу» (43%). Бул элементтер сурамжылоого катышкандар тарабынан эң көп тандалып алынган. 

Респонденттердин 8% гана өлкөлөр Кытай койгон "карыз тузагына" түшүп калганына ишенерин айтышкан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости