www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германияда чоң согуш чыгышы мүмкүн деген коркунуч эл арасында олуттуу тынчсыздануу жаратып, күнүмдүк жашоого таасир берип жатат. Бул тууралуу РИА новости жазып чыкты.
Немис басылмаларынын жазганына караганда, жарандар керектүү буюмдарын анын ичинде консерваланган тамак-аш, батарейка, дары-дармектер, нымдуу салфетка, жылуу кийимдерди жана газ плитасы сыяктуу туристтик шаймандарды камдашууда.
Аналитиктер бул көрүнүштү Батыш саясатчылары тарабынан элди атайын дүрбөтүп жаткан ыкма катары баалашууда.
Ал эми Орусия президенти Владимир Путин буга чейин нечен ирет Москва НАТО өлкөлөрүнө кол салууну көздөбөй турганын айтып, бул маалыматтар жалган экенин ырастаган.