www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германияда эң ири химиялык завод жарылып кетти

Германиядагы "BASF"  химиялык заводунда жарылуу болду. Окуя тууралуу "Bild" басылмасы жазды.

Басылма белгилегендей, өзгөчө кырдаал бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 12де болгон.

Ишканадагы жарылуудан улам өрт чыгып, 14 адам жабыркаган. Кырсыктын себептери азырынча айтыла элек.

Завод жайгашкан Людвигсхафен шаарында күйүктүн абага аралашканы калкка коркунуч алып келери тууралуу эскертишти.

Белгилей кетсек, "BASF" Германиядагы, Европадагы жана дүйнөдөгү эң ири химиялык концерни болуп саналат.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости