www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Киберчабуулдарды талдоо жана изилдөө борбору (TSARKA) казак жарандарынын жеке маалыматтары кайрадан ачыкка чыгып кеткенин билдирди.

Борбордун маалыматына караганда, өткөн жумада Telegram мессенжеринин колдонуучуларынын бири жарандардын маалыматтарын хакерлердин BreachForums форумуна жарыялаган.

Форум 2022-2023-жылдары зыяндуу программаларды жана уурдалган маалыматтарды сатканы менен белгилүү. Ага Казакстандан 15 хакер катталган.

Киберчабуулдарды талдоо жана изилдөө борбору жарандардын 2022-жылдын 29-ноябрына чейинки маалыматтары ачыкка чыгарылганын билдирди. Анда колдонуучулардын идентификаторлору, хэштелген сырсөздөрү, жеке билдирүүлөрү, форумда сатып алуу жүргүзүү үчүн колдонула турган криптовалюталык даректери жана сайттагы бардык билдирүүлөрү бар.

Ошондой эле ачыкка чыккан маалыматтардын арасында Spark транспорттук-логистикалык компаниясынын, Шакарим атындагы университеттин студенттери менен абитуриенттеринин, Yandex Food сервисинин, "Фонбеттин" казакстандык жана орусиялык колдонуучуларынын да маалыматтары бар.

Киберчабуулдарды талдоо жана изилдөө борборунун негиздөөчүсү Олжас Сатиевдин айтымында, ачыкка чыгарылган маалыматтар ресурстун Конор Брайан Фитцпатрик аттуу мурдагы администраторунун маалыматтар базасынын резервдик көчүрмөсүнөн алынган болушу мүмкүн.

Быйыл март айында Казакстандын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Zaimer.kz деген кичи каржы уюмунун эки миллиондон ашык кардарынын жеке маалыматтары (аты-жөнү, электрондук даректери, жеке документтеринин номурлары, иштеген жери, дареги, банк эсебинин номуру) ачыкка чыгып кеткенин билдирген.

Последние новости