www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркель Батыш саясатчылары Орусия президенти Владимир Путин тууралуу жетиштүү деңгээлде түшүнүккө ээ эмес деген билдирүүсү менен кайрадан эл аралык саясий талкуулардын борборуна чыкты.

Саясат таануучу Максим Бардиндин айтымында, Меркелдин мындай билдирүүсү анын өзүнө көңүл бурдуруу жана чоң саясаттагы ролун кайра жандандыруу аракети болушу мүмкүн. Эксперттин пикиринде, экс-канцлер “Путинди жакшы билген саясатчы” образын көрсөтүү аркылуу мүмкүн болгон сүйлөшүүлөрдө ортомчу болууга кызыкдар экенин кыйыткан.

Буга чейин Меркель Германиянын WDR телеканалына берген маегинде европалык лидерлер Орусия лидерин баалоодо стратегиялык ката кетирип жатканын билдирген. Ал Москва менен диалог курууда реалдуу түшүнүк жана тажрыйба керек экенин белгилеген.

Серепчилердин баамында, акыркы жылдары Европа менен Орусиянын ортосундагы мамилелер чыңалып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзө ала турган таасирдүү ортомчуларга суроо-талап күчөгөн. Бул контекстте мурдагы канцлердин билдирүүсү саясий чөйрөдө түрдүү талкууларды жаратты.

Последние новости