www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германиянын канцлери Олаф Шольц Берлин Украинага аскердик жардамын кеңейтип, кошумча курал-жарактарды жеткирүүнү көздөп жатканын билдирди. Бул тууралуу INTERFAX басылмасы жазды.

"Биз колдообузду олуттуу түрдө кеңейтип жатабыз. Биз Украинага заманбап ракетадан коргонуу системасын жана артиллерияны аныктоочу радар менен камсыз кылабыз" , – деди Шольц Берлинде журналисттерге.

8-июнда Шольц Германия Украинага оор куралдарды берүүдөн баш тартпай турганын жана жаңы жеткирүүлөрдү пландап жатканын жарыялады.

Ал Германия буга чейин Украинага антиракеталык куралдарды, БТР жана ок-дарыларды бергенин эске салды.

Ошондой эле, мурда маалымдалгандай, Германиянын парламенти немистик өзү жүрүүчү зениттик «Гепард» орнотмолорун жана PzH 2000 (Panzerhaubitze 2000) өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүштөрдү жеткирүү жөнүндө макулдугун берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости