www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик ипотекалык компания эми айыл жерлеринде да турак жайларды курууну баштайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жумгал районунун тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.
Мин-Куш айылынын тургуну айыл тоолуу аймакта жайгашкандыктан, үй курууга ылайыктуу жерлер тартыш экенин айтып, жакын жайгашкан «Бир калпак» участогун жергиликтүүлөр үчүн бөлүп берүүнү суранган.
Президенттин айтымында, мамлекет мурда Бишкек, Ош шаарларында жана облустук борборлордо көп кабаттуу үйлөрдү курса, азыр бул иш район борборлорунан майда шаарлар менен айылдарга чейин кеңейүүдө.
«Жумгал районунда эки гектар жер бар. Ал жерде сейсмикалык абалга жараша беш же тогуз кабаттуу үйлөр курулат. Ал эми Мин-Куш боюнча бул жерди трансформациялап, үч же беш кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча тапшырма берем», — деди мамлекет башчысы.
Ал ошондой эле калктын көбөйүшү жана жер тартыштыгы эске алынып, мамлекет вертикалдуу курулуш моделине өтүп жатканын белгиледи. Мындан ары жарандарга жеке үй куруу үчүн жер тилкелери берилбей, анын ордуна көп кабаттуу үйлөр аркылуу турак жай менен камсыздоо кеңейтилет.
Президент буга чейин Ош облусунун Гүлчө шаарында ГИКтин демилгеси менен тогуз кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталганын эске салды.