www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 24-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын шаарынын жана Нарын районунун тургундары менен жолугушту.
Жолугушууда мамлекет башчысы аймактын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү, бюджеттик мүмкүнчүлүктөрдүн өсүшү жана аймактарды каржылоонун көбөйүшү тууралуу маалымат берди. Ошондой эле эмгек акыларды жогорулатуу жана калкты социалдык колдоо боюнча иштер уланып жатканын белгиледи.
Президент Нарын шаарында инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтып, жолдордун курулушу жана оңдолушу, билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринин жаңылануусу, мамлекеттик имараттардын модернизациясы шаарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп жатканын белгиледи.
Мамлекет башчысы өткөн айдан тарта дарыгерлердин, мугалимдердин, социалдык кызматкерлердин жана башка бюджеттик тармактагы кызматкерлердин айлык маяналары 100% жогорулатылганын эске салды.
Турак жай маселесине токтолуп, Нарын шаарында 216 батирден турган төрт тогуз кабаттуу ипотекалык үй курулуп жатканын, ошондой эле 416 батирлүү «Тянь-Шань Сити» турак жай комплекси ишке ашырылып жатканын билдирди. Мындан тышкары, бошотулган аскер бөлүгүнүн ордунда 128 батир социалдык ипотека аркылуу жарандарга берилери айтылды.
Инфраструктура жаатында Стабилизациялык фонддон 250 млн сом бөлүнүп, 11 автобус жана 33 атайын техника сатылып алынганы, ошондой эле шаарда маданий борбор, 200 орундуу мончо жана балдар аянтчасы курулуп жатканы белгиленди. 5000 орундуу «Ала-Тоо» стадиону да реконструкциядан өтүп жатат.
Нарын районун өнүктүрүү боюнча маалымат берип жатып, президент энергетика тармагындагы ири долбоорлор — Куланак ГЭСинин курулушу жана Жогорку Нарын ГЭС каскадынын келечектеги ишке ашырылышы каралып жатканын айтты. Ошондой эле Солтон-Сары жана Эки-Нарын аймактарындагы кен байлыктардын экономикалык маанисине токтолду.
Солтон-Сары кенинде 450 адам иш менен камсыз болуп, 2025-жылы 869 кг алтын өндүрүлүп, мамлекетке 2 млрд сомдон ашык салык түшкөнү белгиленди. Райондогу Миң-Булак өнүктүрүү фондуна жыл сайын 50 млн сом социалдык каражат түшүп турат.
Президент өлкөдө жыл сайын 100 өнөр жай ишканасын ачуу программасы улантыларын айтып, Нарын районунда жаңы заводдор жана алтын ылгоочу фабрика ишке берилерин кошумчалады.
Мындан тышкары, суу менен камсыздоо, жол куруу, таза суу долбоорлору, саламаттык сактоо жана билим берүү тармагындагы иштер тууралуу да маалымат берилди. 2021–2025-жылдары район боюнча 49 чакырым жолго асфальт төшөлсө, быйыл дагы 53,5 чакырым жол оңдолору пландалууда.
Жолугушуу суроо-жооп форматында уланды.