www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 2008-жылы туулган Жыпара изделүүдө

Бишкек шаарындагы Ленин райондук ички иштер башкармалыгы 2008-жылы туулган Сулайманкулова Жыпара Женишбековнаны издөөгө алды.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 22-июнунда болжол менен саат 21:00 чамасында ал Бишкектеги кафе-ишканалардын биринде иштеп жаткан жеринен чыгып кеткен бойдон үйүнө кайтып келген эмес.

Жакындарынын билдирүүсүндө, кыз ошондон бери белгисиз болуп жаткандыгы айтылат.

Белгилери: бою 150–155 см, салмагы болжол менен 50 кг, чачы кара түстө. Кийген кийими — кара футболка жана кара спорттук шым.

Укук коргоо органдары жарандардан эгерде бул кыздын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, дароо милицияга кабарлоону суранат.

Байланыш үчүн 102 кыска номери иштейт.

Последние новости