www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин Украинада экинчи фронт ачкысы келет

Кремль Беларусь өлкөсүнүн Орусияга болгон экономикалык көз карандылыгын жана ар түрдүү басым механизмдерин колдонуп, Александр Лукашенкону Украинага каршы согушта жана НАТОго басым көрсөтүүдө активдүү роль ойноого түртүүгө аракет кылууда. Бул тууралуу америкалык The Wall Street Journal гезити жазган.

Басылманын маалыматына ылайык, Москванын негизги максаттары төмөнкүлөр:

•    Беларусь аймагынан Украинага каршы чабуулдарды кеңейтүү, анын ичинде дрондор аркылуу соккуларды көбөйтүү; 

•    Украинаны түндүк чек арада ири аскер күчтөрүн кармап турууга мажбурлоо менен башка фронттордон ресурстарды алаксытуу; 

•    Минск менен Москванын аскердик кызматташтыгын күчөтүү, биргелешкен машыгууларды көбөйтүү жана Беларусь аймагына орус аскерлерин жайгаштыруу; 

•    Беларусь аркылуу аскердик активдүүлүктү күчөтүп, НАТОнун чыгыш канатындагы мамлекеттерге кошумча басым көрсөтүү. 

Ошол эле учурда, басылма азырынча Беларусь аймагынан Украинага каршы кеңири масштабдагы чабуул даярдалып жатканын көрсөткөн так белгилер жок экенин белгилейт. Негизги коркунуч катары Минскинин акырындап Орусиянын аскердик стратегиясына көбүрөөк интеграцияланышы жана өлкөнүн Украина менен НАТОго басым көрсөтүүчү курал катары колдонулушу каралууда.

Последние новости