www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЭЛИТАНЫН ДЕГРАДАЦИЯСЫ: Баркы кеткен форум

Кыргызстан Ленин менен Сталин түптөп кеткен СССРдин курамынан чыгып өз алдынча Эгемендүү мамлекет болуп өнүгүү жолуна чыкканына 35 жыл болду. Ошол 35 жылда Кыргыз эли “кандын башын кан жеген” бир нече тарыхий катаал төңкөруштөрдү башынан өткөрдү. Кыргыз ССРи СССРдин курамында турган 70 жыл аралыгында ири завод-фабрикалар, кубаттуу армия менен гана чектелбестен, дүйнөлүк масштабда ой жүгүрткөн интеллектуалдык элитаны, Алыкул Осмонов, Чыңгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбековдор... баштаган улуу акын-жазуучуларды, чыгаан илимпоздорду өстүрдү. Мындан 40 жыл мурда ошол советтик доордун интеллектуалдык туу чокусу катары Чыңгыз Айтматов “Ысык-Көл форумун” негиздеп, дүйнө жүзүнүн залкар ойчулдарын Ысык-Көлдүн жээгине чогултуп, адамзаттын келечегин талкуулаганы эсибизде. 

Ал эми 2026-жылдын 18-20-июнунда өткөн бүгүнкү күндүн “Ысык-Көл форумунан” кийин караламан эл арасында кандай ой калды? “Бүгүнкү “Ысык-Көл форуму” саясий шоулардын, куру убадалардын, олигархтардын эс алуучу жайына, бизнесмендердин өз ара келишим түзө турган соода аянтчасына айланды” – деген ар кандай пикир жаралды. Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Алмас Атамбаев, Сооронбай Жээнбековдордун президенттик убагында өткөн эл аралык жыйындардан кийин өлкөдө эч кандай улуу идея, стратегиялык багыт же руханий секирик болбогонун тарых тастыктап келет. Алардын президенттик башкаруусунун артында калган нерсе – кезектеги сырткы карыздын үстөк пайыздык келишимдери менен чет өлкөлүк инвесторлорго алдырып жиберген улуттук кен байлыктар болду.

ФОРУМДУН КАДЫРЫН КЕТИРДИ

Форумга КР экс президенттери Аскар Акаев менен Сооронбай Жээнбековдун атайын чакыруу менен келип катышып, карапайым элдин кыжырын келтирген интервьюларды бергени, бүгүнкү элитанын руханий-интеллектуалдык деградациясын айгинелеп, форумдун кадырын кетирип койду. Коомчулук форумда кабыл алынган олуттуу резолюцияларды эмес, А. Акаев менен С. Жээнбековдун элди “аллергия” кылып сүйлөгөн сөзүн талкуулап, кыжырданып отурат. Аскар Акаев жана аны жактагандардын бетине кармаганы, “...улуттук валютаны убагында кабыл алганбыз...” дейт. СССРдин курамынан чыгып, өз алдынча Эгемен мамлекет болгон 15 республиканын кайсынысы улуттук валютасын кабыл албай, СССРдин эски рублин пайдаланып жүрөт? Баары эле өз улуттук валютасын кабыл алды да. Башка жол жок болчу. Андан башка бетке кармай турган алгылыктуу иши жок экенин ушул сөзү менен алар өздөрү далилдеп келет.

Ленин менен Сталин курган коммунисттик система идея менен илимге таянса, ага чейинки бай-манаптардын доору өз кызыкчылыгын гана ойлогону маалым эмеспи. Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Алмас Атамбаев, Сооронбай Жээнбековдор бай-манаптардын деңгээлинен көтөрүлө албай, Чыңгыз Айтматов түптөп кеткен интеллектуалдык бийиктикти кармап кала албай “Ысык-Көл форумун” сууга чөккөндөй 40 жыл бою эстегенге чолосу тийбегени интеллигенциянын дүйнөлүк масштабда ой жүгүртө албагандыгынын, улуттук идеологиянын жоктугунун далили болду. Аскар Акаевдин БиБиСи радиосуна берген интервьюсунда жийиркеничтүү жүзү менен элди каратып туруп “...өлгөнчө актанганы” мамлекетти келечекти көздөй эмес, бай-манаптык кызыкчылык менен гана башкарып кеткенинин катаал диагнозун аныктап койду. 

Кыргыз ССРи Ленин менен Сталин түптөгөн кубаттуу СССРдин курамында 70 жыл жашап, сабатсыздыктан арылды, өнөр жайы онүккөн, чек арасы такталган толук кандуу мамлекет болду. Бирок, Аскар Акаев баштаган эгемен доордун президенттери ошол улуу тарыхый мурастын, темирдей тартиптин жана кубаттуу экономикалык потенциалдын канчалык деңгээлде кадырына жете алышты? Аны тарыхтын катаал күзгүсү кандай болсо, карапайым элге так ошондой көрсөтүп турат. Аталган президенттер өздөрүн “демократиялык укуктук өлкөнүн заманбап башкаруучусу” деп атап алып, уул-кыздарын эрчитип жүрүп эл аралык трибуналардан бийик сүйлөгөнү менен, алардын иш жүзүндөгү натыйжалары бай-манаптардын доорунан алыс узай алган жок. Бай-манаптар өз кызыкчылыгы, уруусунун байгер турмуш-тиричилиги үчүн өлкөнү бытыранды кылып, сырткы күчтөргө кор кылса, аталган лидерлер ошол жеке, топтук кызыкчылыкты “рынок экономикасы”, “глобалдашуу”, “заманбап” деген кооз сөздөр менен чүргөп алып, улам бири кайталап караламан элди жумушсуз, ач-жылаңач калтырып, тентитип жибергенин атпай журт унута элек. 

КАДРДЫК САЯСАТТАГЫ СОКУРЛУК

Сталиндик заманда “Кадрлар баарын чечет” деген формула жөн гана ураан эмес, өлүм менен өмүрдүн маселеси болгон. Ал доордо кызматка идеялык туруктуулугу, темирдей тартиби менен конкреттүү жыйынтык көрсөтө алган жөндөмү бар технократтар, инженерлер, таза адистер гана келген. Мамлекеттик мүлктөн бир тыйын уурдаган же берилген тапшырманы аткарбаган аткаминердин жазасы өтө катаал, кечиримсиз болгон. Ал эми Эгемен Кыргызстандын экс президенттеринин кадр саясаты, коррупциянын, трайбализмдин (уруучулук) жана тааныш-билиштиктин сазына батты. Мамлекеттик маанилүү кызматтарга реформа жасай турган кесипкөй жетекчилер эмес, шайлоодо акча таап берген “капчыктуулар”, тууган-уруктар менен эч качан каршы сүйлөбөгөн тил алчаак жетелеме аспиранттар, жер көз кошаматчылар дайындалды. Аскар Акаев коррупция менен күрөшүүнү шоуга айлантып, чыныгы тазалоо жүргүзүүгө саясий эрки жетпей, “коррупция Ак үйдүн 7-кабатына чейин жетти” деп спектакль коюп өттү. Компартиянын катаал көзөмөлү жок, Эгемен Кыргызстандын алгачкы президентинин кадрлары мамлекетти алдыга сүйрөөчү күч эмес, анын канын соргон мите курттар болгонун эл унута элек. Алар элдин, мамлекеттин мүлкүн талап-тоноп, “прихватизациялаган” ачкүсөндөрдүн уюгу болду.

ЭКОНОМИКАЛЫК КУБАТТУУЛУКТУН КЫЙРАШЫ

Бай-манаптардын доорундагы натуралдык чарба менен Эгемен Кыргызстандын “чийки заттык” экономикасынын ортосунда айырма болгон жок. Аскар Акаев даяр завод-фабрикаларды заман талабына жараша кайра иштетип, өндүрүштү жолго коюп, жумуш орундарын сактап калгандын ордуна, “менчиктештирүү” деген ураан менен талап, тоноп жок кылды. Жердин астындагы байлыктарды (алтын, мунай, кендерди) чийки зат түрүндө чет өлкөлүк инвесторлорго арзан сатып, өлкөнү импортко толугу менен көз каранды кылып таштады. Өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн сырттан миллиарддаган доллар карыз алып, Кыргыз элинин келечек муундарынын мойнуна илип кетти.

Ленин менен Сталин Россияны электрлештирүү боюнча мамлекеттик комиссия (Государственная комиссия по электрификации России – “ГОЭЛРО”) түзгөн. Бул комиссия Владимир Лениндин жетекчилиги астында 1920-жылы иштелип чыгып, бүтүндөй СССРдин курамына кирген Социалисттик республикаларды электр энергиясы менен камсыз кылып, экономиканы өнүгүү жолуна алып чыгуу боюнча эң биринчи зор стратегиялык долбоор болгон. “ГОЭЛРО” планы менен беш жылдыктар аркылуу сырттан карыз албай, ички ресурстарды мобилизациялоо аркылуу дүйнөнү титиреткен индустриалдык секирик жасашкан. Сабатсыз, жакыр өлкөнү дүйнөлүк алкакта ой жүгүрткөн интеллектуал, илимпоздор менен толуктап, атомдук жана космостук супердержавага айлантышкан. Аскар Акаев даяр турган өнөр жай потенциалын сактап кала албай, менчиктештирүү шылтоосу менен өз командасына тонотуп жиберди. Ири инженериялык, стратегиялык долбоорлорду коркпой баштоого эмес, иштеп жаткан улуттук өндүрүштү коргоп, сактап калууга да анын чамасы жеткен жок.

САЯСИЙ ЭРКСИЗДИК 

Аскар Акаев эл аралык аренада көз каранды, чечим кабыл алууда сырткы күчтөрдүн (донорлордун, ири державалардын, эл аралык уюмдардын) пикирин уккан алсыз саясат жүргүздү. Бул бай-манаптардын башка мамлекеттерге барып тизе бүгүп, бийлик сураган же өз кызыкчылыгы үчүн өз элин курмандыкка чалган доордун кокту-колоттогу башчыларынан көп айырмалана алган жок. Ленин менен Сталиндин башкы өзгөчөлүгү, улуттук кызыкчылык үчүн бүтүндөй капиталисттик дүйнөгө каршы туруудан жалтанбаган темирдей эрки болгон. Алар геосаясий оюндун эрежесин өздөрү жазышкан. Ал эми Эгемен Кыргызстандын алгачкы президенттери өлкө ичинде “хан” көрүнгөнү менен, эл аралык аренада өз позициясын коргой албаган саясий куурчак катары алсыз болушту. Тарых тастыктагандай, мамлекетти кооз убадалар менен убактылуу “фейк” тайпалардан түзүлгөн пиар кампаниялар эмес, тарыхый масштабдагы ири иштер гана сактап калат. Эгемен Кыргызстан экс президенттер калтырып кеткен кадрдык чириндилерден арылбаса, өнөр жайды бутка тургузуп, жумуш орундарын түзүп, сырткы көз карандылыкты үзбөсө, эч кандай эл аралык форум жардам бере албастыгын бүгүнкү турмуш чындыгы тастыктап турат.

Бахпурбек Аленов

Последние новости