www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өгөй апам мени таштап кеткен жок, же мен ага эч ким болбосом...

Ата-энемдин 7 жыл күтүп тапкан жалгыз кызымын. Апамдын курсагында 3 жолу ыйлаган экенмин. Көпчүлүгү “мындай бала коркунучтуу” деп айтышыптыр. Апам аларга көңүл бурбай, мени жарыкка алып келди. Бирок өзү жарыктык менен коштошуп кете берди.

Апамды сүрөтүнөн дагы көргөн эмесмин. Туугандары “кызыбызды жакшы караган эмессиң. Желмогуз кызың менен өзүң жаша. Кааласаң детдомго бер кызыңды” деп баш тартышып, атама катуу сөз айтышыптыр.

Атам өзү бакты. Бакчага, андан кийин мектепке да өзү алып барып, кайра алып кетип, чачымды өзү өрүп, кийимдеримди кийгизип... Атам бензин менен бизнес кылчу. 11 жашымда үйлөндү. Ал апам мага өгөйдөй мамиле кылбады. Аябай жакшы аял. Атам экөө бир жыл жашагандан кийин 12 жашымда атам авариядан каза болгон.

Азыркы апама ыраазымын. Жашоодо ушундай жакшы адамдар бар экен. Негизи өзүнүн канынан жаралган баланы деле таштап кетип атышпайбы, бирок менин апам мени таштабады. Же мен ага эч ким болбосом...

9 жылдан бери апам экөөбүз жалгыз жашайбыз. Турмушка чыкпады. Мени аяды окшойт. Мээримдүү аял... Үйдө такыр оор иш кылдырган жок. Кийимдеримди өзү жууп, өзү даярдап, элден ашыкча кылып карайт. Бир да жолу катуу айтып какпаптыр.

Жашоосун мага арнаган апакеме мен дагы “өз жашоомду арнайм” деп ниет кылам. Карыганда көрүнгөндүн көзүн карап калышын каалабайм. Мени кандай караса, мен апамды андан миң эсе артык багам. Ыраазымын. Жок дегенде сиздер менен бөлүшүп, жеңилдегим келди.

Булак: Азия News гезити

Последние новости