www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖККУнун алкагындагы өз ара кызматташуу бири-биринин кызыкчылыгын эске алуу жана чыныгы союздаштыктын негизинде болот. Бул туурасында Россия президенти Владимир Путин Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Москвада өткөн саммитинде билдирди.

"ЖККУнун алкагындагы өз ара кызматташуу дайыма чыныгы союздаштыктын аркасында, достук менен ак дил коңшулуктун, бири-бирибизге жардам берүүнүн, кызыкчылыктарыбызды эске алуунун негизинде ишке ашып келет. Азыркы кыйын кырдаалда да ошондой болуп жатат", — деген Путин.

Мындан сырткары, президент ЖККУнун тынчтык орнотуучуларынын Казакстандагы операциясын, андагы туруктуулук жаатындагы салымын белгиледи.

"Биздин уюмдун бир топ олуттуу болуп калгандыгын жана пайда болгон кооптуулуктарга каршы тура аларынын далили — Казакстанда январь айындагы окуяда Казакстандын жетекчилигинин өтүнүчү менен жасаган ЖККУнун тынчтык орнотуучуларынын операциясы болду. ЖККУнун жамааттык күчтөрүнүн контингенти чектөө киргизген учурда чет өлкөдөн башкарылып турган экстремисттердин Казакстандагы бийликти басып алуунун алдын алды. Республикада ички саясий кырдаалды ыкчам түрдө турукташтырууга жардам кылды", — деди Путин.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости