www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде өлкөдө жеткиликтүү турак жай куруу боюнча масштабдуу мамлекеттик программа ырааттуу ишке ашырылууда. Өзгөчө басым өлкөнүн алыскы аймактарын өнүктүрүүгө жасалып, жарандарды заманбап жана сапаттуу турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Программанын ишке ашырылышы Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын туруктуу көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.

Мамлекеттик программанын алкагындагы кезектеги ири долбоор — Гүлчө шаарында курулушу башталган «Хан-Теңири-8» турак жай комплекси. Комплекс жалпы 702 батирге ылайыкталып, Алай районундагы эң ири турак жай долбоорлорунун бири болуп саналат.

Долбоорго ылайык, 12 тогуз кабаттуу турак үй курулат. Анда 324 бир бөлмөлүү, 324 эки бөлмөлүү жана 54 үч бөлмөлүү батир жайгашат. Комплексте бардык шарттар каралган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев белгилегендей, “мамлекет башчысы койгон негизги милдеттердин бири — өлкөнүн бардык аймактарынын, айрыкча алыскы райондордун тургундарын жеткиликтүү жана сапаттуу турак жай менен камсыз кылуу. Бул максатта Мамлекеттик ипотекалык компания өлкө ичинде жашаган жарандарга гана эмес, чет мамлекеттерде эмгектенип жүргөн мекендештерге да өз мекенинен турак жай сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүүдө. Ошондой эле жаш үй-бүлөлөрдү колдоого өзгөчө көңүл бурулуп, алар үчүн жеткиликтүү ипотекалык шарттар аркылуу жеке турак жайга ээ болууга кеңири мүмкүнчүлүктөр сунушталууда.”

Мындан тышкары, Мамлекеттик ипотекалык компания курулуштун сапатына өзгөчө көңүл бурат. Бардык турак жайлар заманбап курулуш стандарттарына ылайык, сапаттуу курулуш материалдарын жана алдыңкы технологияларды колдонуу менен курулуп, ар бир этапта катуу техникалык көзөмөл жүргүзүлөт. Мунун негизги максаты — жарандарды ишенимдүү, коопсуз жана узак мөөнөт кызмат кыла турган турак жай менен камсыз кылуу.

Бүгүнкү күндө Мамлекеттик ипотекалык компания өлкө боюнча жалпы аянты 5 миллион 450 миң чарчы метр турак жайды куруп жатат. Жалпы аянты 515 006 чарчы метр болгон турак жай пайдаланууга берилип, анын негизинде 7 650 үй-бүлө жаңы батирлердин ачкычтарын алышты. Ал эми үстүбүздөгү жылы дагы 20 миңден ашуун батирди пайдаланууга берүү пландалууда.

Последние новости