www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин буйругу менен Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору болуп физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Алтынбек Зулпукаров дайындалды.
Жаңы жетекчини университеттин эмгек жамаатына Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайынан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Исираилова тааныштырды.
Алтынбек Зулпукаров 1989–1994-жылдары Ош мамлекеттик университетинин физика-математика факультетинде билим алып, «Математика, информатика жана эсептөө техникасы мугалими» адистиги боюнча билим алган.
Ал 2010-жылы физика-математика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын жактап, 2014-жылы «Математика» адистиги боюнча доцент окумуштуулук наамын алган. Учурда 21 илимий макаланын жана 11 окуу-усулдук колдонмонун автору болуп саналат.
Эмгек жолун лаборант жана инженер-программист кызматтарынан баштаган Зулпукаров кийин окутуучу, кафедра башчысынын орун басары, декандын орун басары, факультеттин деканы, окуу департаментинин директору, проректор, окуу иштери боюнча проректор, университеттин ректорунун милдетин аткаруучу, кафедранын доценти жана «Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо» борборунун башчысы кызматтарында эмгектенген.
Белгиленгендей, университеттин ректору кызмат ордуна тандоо ачык конкурстук негизде өткөрүлгөн.