www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча Глобалдык саммиттин алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев эл аралык климаттык күн тартибинде тоолуу аймактарга көңүл бурууну күчөтүү демилгеси менен чыкты.
Ал өз сөзүндө тоолуу экосистемалар климаттын өзгөрүшүнө эң алсыз аймактардын катарына кирерин белгиледи. Мөңгүлөрдүн эриши, жаан-чачын режиминин өзгөрүшү жана экстремалдуу аба ырайынын көбөйүшү Борбор Азия аймагында эле эмес, анын чегинен тышкары да суу ресурстарына, айыл чарбасына жана энергетика тармагына узак мөөнөттүү коркунучтарды жаратууда.
Кыргызстан тоолуу өлкөлөрдү жана аймактарды туруктуу өнүгүүнүн өзгөчө зоналары катары кароону сунуштап, аларга климаттык каржылоого, адаптациялык технологияларга жана мониторинг системаларына жеткиликтүүлүктү артыкчылыктуу багыт катары кароого чакырды.
Бакыт Төрөбаевдин айтымында, тоолуу аймактардын туруктуулугу миллиондогон адамдардын суу жана азык-түлүк коопсуздугуна түздөн-түз таасир этет, бул өз кезегинде эл аралык деңгээлде системалуу жана макулдашылган чечимдерди талап кылат.