www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ, Россия жана Украинанын делегациялары Абу-Дабиде согуш аракеттерин убактылуу токтотуунун мүмкүн болгон жолдорун, ошондой эле ок атууну токтотуунун аткарылышын көзөмөлдөө механизмдерин талкуулашты. Бул тууралуу АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф билдирди.
Анын айтымында, эки күнгө созулган жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар ок атууну токтотууну ишке ашыруу ыкмалары жана согуш аракеттерин токтотууга байланышкан ачык бойдон калган маселелер боюнча кеңири пикир алмашышкан. Бул маалыматты ал X социалдык тармагындагы баракчасында жарыялаган.
Уиткофф сүйлөшүүлөрдү конструктивдүү деп атап, алардын негизги максаты узак мөөнөттүү жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү экенин белгиледи.
Ошондой эле ал делегациялар жакынкы апталарда үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү улантууну макулдашканын айтты.
Мындан тышкары, АКШ президентинин атайын өкүлү америкалык жана россиялык тараптар аскердик деңгээлде диалогду кайра жандандырууга келишкенин ырастады. Бул диалог АКШнын Европадагы командачылыгынын башчысы, генерал Алексус Гринкевичтин жетекчилиги алдында жүргүзүлмөкчү. Анын айтымында, бул байланыш жаңжал башталганга чейин токтотулган жана тынчтыкка жетүү жана аны сактап калуу үчүн өтө маанилүү.
Буга чейин АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Европадагы командачылыгы да АКШ менен Россия Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн аскердик ведомстволорунун ортосунда жогорку деңгээлдеги диалогду кайра баштоого макулдашканын билдирген.